Бїгїн, 23-октябрда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Эл артисти Болот Шалтаевдин жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өткөрүлөт. Иш-чара улуу инсандын 80 жылдыгына арналат.

Аталган театрдан билдиришкендей, кечеде КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев режиссёрлук кылган Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” спектакли көрсөтүлөт.

Болот Шалтаев 1935-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шалта айылында туулган. Ал 1957-жылы Москвадагы ГИТИСти аяктаган. Кыргыз драма театрында ар түрдүү пландагы ролдорду чыгармачылык эргүү, өзүнө гана таандык өзгөчөлүк менен аткарган, кийинки муун кумир туткан өтө таланттуу актёр болгон. Анын өзүн сахнада шамалдай алып жүргөнү, күчтүү темпераменти, башкаларга окшобогон үнүнүн өзгөчө тембри, артисттик техниканы укмуштай пайдалана билгени көрүүчүлөргө катуу таасир эткен.

Б.Шалтаевдин кыргыз театрынын тарыхына кирген этаптуу ролдорунун бири – англиялык улуу драматург В.Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Петруччионун ролу. Айрыкча Б.Шалтаев ойногон башкыр акыны жана драматургу Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” трагедиясындагы думанасы кыргыз актёрдук мектебинин хрестоматиясына кире турган өтө ийгиликтүү жаралган образдардан болуп саналат. Б.Шалтаевдин өзгөчө тембри менен кыргызчага которулган ондогон фильмдер кыргыз элине таанымал болгон.

Булак: super.kg