кырг

Мындай аталыштагы көргөзмө бүгүн Бишкектеги Тарых музейинде ачылмакчы. Анда Орусиянын Минусинск шаарындагы аймак таануу музейиндеги Х-ХII кылымдарда Энесайдагы кыргыздар колдонулган буюм-тайымдар, курал-жарактар жана тарыхый экспонаттар коюлду. Иш-чара өлкөдө быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата уюштурулууда. Көргөзмө 25-декабрга чейин уланат.

Энесай кыргыздары Саян-Алтай аймактарында жашаган байыркы түрк тилдүү элдердин бири. Ал жерде VI–VIII кылымдарда мамлекетин түптөгөн. Тарыхчылар бул элди учурдагы кыргыз, хакас, алтайлыктар жана тувалыктардын бабасы катары санашат.

Булак: Азаттык