Бишкектин Тынчтык кең көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде 31-октябрь күнү 80 жаштагы үй ээсинин жансыз денеси табылган. Анын зордукталганы да айтылган болчу. Аталган кылмышка шектелип 1985-жылы туулган К.А. аттуу селсаяк кармалды. Бул тууралуу  11-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.   

“Иликтөө иштеринин натыйжасында 5-ноябрда шектүү катары ошол аймакта жүргөн туруктуу жашоочу жайы жок, мурда 164-берене боюнча соттолгон Жалал-Абад облусунун К.А. аттуу тургуну кармалган. Ал сурак учурунда өз күнөөсүн мойнуна алып, окуя кандай болгонун айтып берген. Анын айтымына караганда, ал түнкү саат 12лер чамасында аталган аймакта темир чогултуп жүргөн. Үйлөрдү кыдырып жүрүп, алардын биринин эшиги ачык экенин байкаган. Анын ичине кирип суу ичип, үйдүн ичин караштыра баштаган. Экинчи бөлмөгө киргенде төшөктө жаткан кемпирди көрүп, жанына жатып аны менен жыныстык катнашка барган. Ал кемпир кыйкырып, жардамга чакыра баштаганда А.К. аны башка чапкылап, муунтуп өлтүргөн”,- дейт О.Казабаев.

Маалым болгондой, шектүү пенсионерди өлтүрүп алган соң окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Учурда бул иш боюнча 97-берене (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.

Тергөө учурунда шектүү жарандын берген көрсөтмөсүнөн:

“Мас абалымда ал кемпирдин үйүнө киргем. Мен ал үйдүн дарбазасы кантип ачыларын билчүмүн. Себеби кемпир мага нан берип жүрчү. Алгач аны көчөдөн көргөм, ал мени “жүрү, сага нан берем” деп ээрчитип келген. Андан кийин 3-4 жолу нан берген. Ал түнү мен короого темир алайын деген ниет менен киргем. Мен киргенде ит да үргөн жок, себеби ал мени таанып калган. Темир издеп жүрүп, анын үйүнүн эшиги ачык экенин көрдүм. Өзүм ачка болчумун, ошол үчүн үйгө нан издеп киргем. Бөлмөгө киргенде ал кемпир диванда жаткан. Мен жанына барып аны чечинткем, ал мага каршылык көрсөткөн жок. Андан кийин ал артымдан кыйкырып чыкпасын деп мойнунан катуу басып салдым. Андан соң бөлмөдөн чыгып, экинчи бөлмөгө кирсем, ал жакта кемпирдин кызы жана анын баласы бар экен. Ал мени көрүп бакырып баштады. Мен ал жерден кетип, дарбазадан тырмышып чыга качтым”,– дейт шектүү катары кармалган К.А.

Анын айтымына караганда, окуядан кийин ал оорукананын жер төлөсүндөгү уктоочу жайына келген. Ал жакта ичип, 2 күн турбай жаткан. Андан кийин ал достору аркылуу милиция издеп жүргөнүн уккан. Качып кетүүгө аракет кылган, бирок жол киреге акчасы жок болгондуктан, кете алган эмес.

Булак: super.kg