Бишкек

“Таатан” базарына барып, бир кытай жигит менен таанышып, сүйлөшүп калдым. Ал 3-4 жылдан бери Бишкекте жашап, соодасын жүргүзөт экен. Бул жерге келгенине бактылуу болгонун жашырбай, чечекейи чеч боло ачылып сүйлөдү. Көрсө, таза абада, таза суу ичип, жыргап  эле калышыптыр. Кытайда кышы менен түтүн каптап, абасы кандай булганганын интернеттен көрбөдүкпү. Көрсө, өнүккөн Кытай өлкөсү завод-фабрикалардан чыккан түтүнгө чулганып, экономикасы дүркүрөп өнүккөнү менен экологиясы будуң-чаңга айланып, адамдары таза абага зар боло башташыптыр. Анын бир гана жөнөкөй мисалын, Бишкекте иштеп жаткан кытай соодагеринин сөзүнөн баамдасак болот. “Бизде таза аба, таза суу жок. Таза сууну сатып ичебиз. Кытай медицинасы өнүккөнү менен ичкен-жегениңдин баары түтүнгө аралашып жатса, кайра-кайра ооруп, ооруканага жатууга туура келет. Менин 8 жашар кызым бар, жылына эки жолу ооруканага жатчу, акырында дарылар да таасир бербей калган. Кыргызстанга үй-бүлөм менен келгени кызымдын оорусу басылды. Азыр дары эмне экенин унуттук. Бул жерде крандан алып эле суу ичебиз. Силер Бишкекти таза эмес дейсиңер, биз үчүн Бишкектин абасы таптаза. Жашаганга абдан ыңгайлуу. Өтө ачык республика. Каалаган киши кирип чыга алат, визаң туура, мыйзамдуу болсо, узартып коюп иштеп, жашай берсең болот. Кытайда 56 гана улуттун өкүлү жашайт, бул жерде 150дөн ашык улуттар ынтымактуу эле жашап жүрүшөт. Батыщ менен Чыгыш өлкөлөрүнөн, Африкадан бери ар түрдүү кара, ак адамдар ээн-эркин, ал тургай машина тээп, каалаганындай билим алып, иштеп жүрүшөт. Абдан ачык республика, бирок ызы-чуу чыгарган бир да башка улут жок. Аялыма да бул жер абдан жакты, баарыбыз тең оорубай калдык. Завод-фабрикалар иштебейт деп өкүнгөнүңөр менен таза аба булганбай калганына сүйүнгүлө. Таза суу, таза аба силердин негизги байлыгыңар. Адамдарга эң керектүү азыктар – эт, сүт, жер-жемиштер, балык, тоок баары даамдуу, анткени аларды биздикилер сыяктуу дары менен чоңойтуп бышыра калышпайт. Баары чөп менен, таза топуракта табигат берген тартип менен чоңойтулат, ошондуктан жеген сайын жегиң келет. Мындай өлкөңөр бар экенине абдан сыймыктангыла”, – деди менин маектешим.

ТЭЦтин кара түтүнү жана толуп кеткен машиналардын газы эле булгабаса, Бишкекти кара түтүнгө чулгаган завод-фабрикалардын жоктугу экинчи чоң утушка алып келгенин чет өлкөлүк көзүмө сая көрсөттү. Одур-бодур жолдорубузга, таштандыларга кайыл боло, бактылуу жашап жүргөн чет өлкөлүктөрдүн ою да бизге абдан маанилүү.

Сымбат МАКСУТОВА