Бишкек шаарындагы №76, 10, 11 мектептердин окуучулары бүгүн, 23-октябрда С.Наматбеков атындагы ИИМдин музейинде жана Бишкек ШИИБдин музейинде болушту.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган иш-чара ИИМдин Жашы жете элек өспүрүм балдар менен иш алып баруу башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулду. Иш-чара өспүрүм балдарды укуктук маданиятка тарбиялоо жана милицияга болгон ишенимди күчөтүү максатын көздөйт.

Мындай иш-чаралар шаардагы башка мектептердин да окуучулары үчүн 29-октябрга чейин улантылат.