22-октябрда Бишкек шаардык кеңешинде бийчи Атай Өмүрзаковго жана “Тумар КР” бий тобуна сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, аталган таланттар Германиянын Франкфурт шаарында өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагында финалга чыгып, өлкөнү эл аралык аренада татыктуу көрсөтүшүп, маданий баалуулуктарды жайылтууга кошкон салымы үчүн сыйланышты. Атай Өмүрзаковго шаардык кеңештин Ардак грамотасы жана “Патриот” төш белгиси тапшырылса, “Тумар КР” бий тобуна Бишкек шаарынын герби түшүрүлгөн күмүш төш белги ыйгарылды.

Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында боз үйдү 17 мүнөттүн ичинде тигип рекорд коюшкан “Кыргыз боз үйү” коомдук фондунун директору Бейшембек Жумашалиевге да Ардак грамота тапшырылды.

Булак: super.kg