талканбаева1

Акыркы кезде балдарга карата зомбулук күч алып келет. Үрөй учурган окуялар тилекке каршы, коомубузда улам кайталанууда. Бул кептин учугун улай Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги Жамила ТАЛКАНБАЕВА менен маектештик.

– Жамила айым, бир топ жылдан бери жаш өспүрүмдөр менен иштеп келесиз. Кандай окуяларды көрдүңүз?

– Бул багытта иштеп келатканыма 17 жылга кетти. Ушунча жылдын ичинде кандай гана жүрөктүн үшүн алган окуяларга туш болбодук. Биздин шаардык ИИБге караштуу балдарды коргоо борбору №14 мектепте жайгашкан, ал жерде бирдиктүү база топтолгон. 2014-жылы балдарга карата 114 факт катталса, анын 46сы физикалык күч колдонуу, ал эми 21и сексуалдык мүнөздө болгон. Балдардын укугун коргоо боюнча биз дайыма коомчулук менен бирге иштеп турабыз. Бирок, биз балдарга кордук көрсөткөн ата-энелерге административдик чара көрүүдөн тышкары, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек деп эсептейбиз. Анткени, алар административдик жазага 100 сом төлөп коюшат дагы андан ары өз билгенин кылышат. 2014-жылы 2 факт аныкталды: 3 баланын ата-энеси акча табуу үчүн жакынкы чет өлкөгө кетип, эки кичинекей бөбөгүн 7-класстын кызы гана карап калган. Ошол өспүрүм кыз аларды тарбиялоо, курсагын тойгузуу жоопкерчилигин мойнуна алган. Дагы бир аял эки баласын туугандарына таштап, күйөөгө тийип кеткен. Ушундай фактылар боюнча биз шаардык кеңешке кайрылып, андан Жогорку Кеңеш депутаттарына чейин жеткире алдык. Көп ата-энелер балдарын тарбиялоого убакыт таппай, негизинен акча табуу менен гана алпурушуп жүрөт. Кээ бир ата-энелер балдары эмне менен алектенип, ким менен сүйлөшүп жүргөнүн билишпейт. Качан гана баласы катуу коркуудан кекечтенип же психологиясы бузула баштаганда байкашат. Балдарды тарбиялоо бир гана мугалимдердин мойнунда эмес. 2014-жылдан бери биз балдардын жүрүш-турушуна байкоо салып, шойкомдуу жүргөн балдардын ата-энесине кат жөнөтүп жатабыз. Президенттин тапшырмасы боюнча биз Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы мигрант ата-энелердин балдарын каттай баштаганбыз.

– Балдарды кордоп, зордуктагандар үчүн өлүм жазасы киргизилишине кандай карайсыз?

– 2 жашар Ибрагимдин окуясы дүң болуп турган маалда эле Кант, Токмок шаарларында жаш өспүрүмдөрдү зордуктаган эки факт катталды. Сокулукта 6 жашар кызды агасы байлап алып, сабап жүргөнү билинди. Бул коомчулук үчүн чоң коңгуроо болуш керек. Балдарды, наристелерди кордогондорго, зордуктагандарга өлүм жазасы киргизилиши керек деп эсептейм.

– Зордук-зомбулукка кабылган балдардын кийинки келечеги кандай болот?..

– Кичинекейинде кордук, зомбулук көргөн бала сөзсүз психологиялык жактан травма алат. Алар балким чоңоюп калган учурда тартынып, жакшы тарбияда болсо өткөндөгүсүн унутуп, убакыттын өтүшү менен билинбей калышы мүмкүн, бирок, чоңойгондо алар башкаларга зордукчулукту көрсөтпөйт деп ким кепилдик берет? Психика бузулат да.

– Сиз жумушуңузга байланыштуу балдардын аянычтуу тагдырларын көп көрүп, жүрөгүңүз ооруйт чыгаар…

– 2013-жылы өзгөчө бир оор тагдырга күбө болдук. У.С. деген ата өзүнүн 3 жашар кызын зордуктап, бети-башын тилип, сабап, ушунчалык оор абалга алып келген. Атайын барып кызды көрдүм. Көргөн көзүмө ишенбей жүрөгүм титиреп, 5 саат бою өзүмө келе албай отуруп калгам. Мынчалык кордоону, мынчалык мыкаачылыкты мурда көргөн эмесмин. Ал окуя канча жүрөктү оорутуп кетти. №3 балдар ооруканасынын башкы врачы экөөбүз башыбызды кармап алып ыйлаганбыз. Ошол кызга коомчулуктан абдан көп жардамдар түштү, врачтар аны айыктырып алышты. Атасы болсо 24 жылга соттолду. Бирок, кыздын апасы да абдан начар эне экен. Кайра арыз жазып, күйөөмдү бошотуп алам деп жүрдү. Кызын болсо, күйөөсүнүн карындашына каттата коюп, кыйынчылык маалда карабай кетти. Кийин үй-шартын билейин деп атайын “Мурас-Ордо” жаңы конушуна бардым. Ээн талаада, үйлөр жаңы түшө баштаган конуш. Үйдүн дубалдарында кичинекей кыздын алаканынын издери калыптыр. Полдун баары кан. Кыз жанталашып качканда атасы табуретка менен сабаган экен.

Бишкек шаарында дагы бир ата сөрөй 6 жашар Карина деген өгөй кызын үйдө эч ким жокто зордуктап туруп, ваннада өрттөп салыптыр. Кээ бир ата-энелердин тартипсиздигинен, жоопкерчиликсиздигинен, айбандыгынан балдар азап чегип жатат. Депутаттар айткан гумандуулук, демократия дегенди балдар маселесинде көрбөй жатабыз. Кыргызда ата качан өз баласын же тууганынын баласын зордуктап, кыйнап, өлтүрүп салчу эле? Ошондуктан, өлүм жазасын колдойм. Буларга андан бөлөк кандай мамиле керек?! Мындай чечим кылмыштуулукту жок кылып жибербесе да, азайтат деп ишенем. Өткөндө бир депутат менен ушул маселеде айтыша кеттим. Орган адамы болсом да, энемин, аялмын, ушуларды көрө берип өлүп-тирилген жанмын. Балдар зордукту башка жерден же көчөдөн көрсө мейли эле, өз атасынан, энесинен, тууганынан көрүп жатышпайбы. Өз үйүнөн кордук көргөн бала кайда качат?! Мындай зомбулук – жапайылык.

Айткандарыбыз – билингендери гана, билинбей канча бала кордук көрүп отурганын бир Кудай билет.

Даярдаган Сымбат Максутова