айыл

Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу Биримдик жаңы конушу жарыксыз күн кечиришүүдө. Үй салып, эмеректерин ичине киргизген адамдар жарык жогунан шаарда квартиралап жүрүшсө, алардын эшик-терезелерин талкалап кирип, уурулар буюм-тайымдарын жүктөп кетишет. Анысы аз келгенсип, уурулар карагай зымдарды да чыгарып кетишкен. Ал жерде азыр кыштап жатышкан адамдар эптеп-септеп күн кечиришүүдө. Жарык киргизүү үчүн эл акчаларын чогултуп, бардык камылгаларын көрүшкөн, жашап жаткан адамдардын үйлөрүнө счетчиктер орнотулган, бир гана күйгүзүп коюу жетишпей турат. Кыйналган эл “Түндүкэлектр” ААКдан жарык берилишин жана ИИМден милиция пунктун ачып, бир участкалык милиционер бөлүп берүүнү суранууда.

Аталган жаңы конуш КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-октябрындагы №574 токтомуна ылайык, Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу 262/3 гектар трансформацияланган соң курулган. Ошол эле жылы жер участоктору кызыл китептери менен жарандарга бөлүнүп берилген. Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу №24 контурга кыргыз илимий-изилдөө институту (КНИИП) тарабынан долбоор жана генплан түзүлгөн. Генплан 2012-жылдын 20-сентябрында Лебединовка айыл өкмөтү жана 21-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Архитектурасы  тарабынан макулдашылган. Жаңы конуш турак жай куруу үчүн 1345 жер тилкесине бөлүнгөн, андан сырткары, мектеп, бала-бакча, банк, спорт комплекси, милиция пункту сыяктуу социалдык объектилерди куруу каралган. Жер тилкелерге азыр турак жайлар салынып, тургундардын саны да арбып баратат. Жаңы конуштун атын жалпы эл өз чогулушунда Биримдик деп аташкан. Буга чейин шагыл жол салынып, жарык берүүчү зым карагайлар орнотулган. Жаңы конуштун жарык, суу, жол маселелерин чечүү үчүн эл арасынан 7 кишиден турган комиссия түзүлгөн. Комиссия жаңы конуштун мындан аркы социалдык маселелерин чечүү максатында “Биримдик кут” деп аталган коомдук уюмду түзүп, Юстиция министрлигинен өткөргөн. Коомдук уюм катары мөөр, бланк жасалып, банкта эсептер ачылган.

 Сымбат МАКСУТОВА