Балыкчы шаарынын генералдык планын кайрадан толугу менен карап, аталган шаардагы бардык мүмкүнчүлуктөрдү эске алуу менен келечекте логистикалык борбор катары өнүгүүгө багыт алган шаар катары көңүл бурушубуз керек. Бүгункү күндө миңдеген тонна айыл-чарба продукцияларын экспорттоого мүмкүн бирок, тилекке каршы ошол эле учурда анчалык көлөмдөгү продукцияларды биз бир жерге , бирдей талапта чогулта албай атабыз да. Ал үчүн мурунку сактоочу жайларынын баарын инвентаризация кылып, темир жол мүмкүнчүлүктөрүн, эркин экономикалык аймакты эске алып, бирдиктүү өнүгүү  концепциясын иштеп чыгуу керек- деди бүгүн областтык коллегияда Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кубатбек Мусаевге  тапшырма берүү менен.

Маалымат берген ыйгарым укуктуу өкулдүн басма сөз кызматы