нөөмөт

2015-жылдын 24-февралы саат 8:00дөн 25-февраль саат 8:00гө чейинки бир сутканын ичинде 112- Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына 186 чалуу болсо, 44 чалуу тастыкталып, 142си жалган чалуулар болгон.

Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 147 чалуу болсо, анын ичинен жалган чалуу -129. Ош шаары боюнча 39 чалуу болсо, 13 чалуу  жалган болгон. Жалпы 3 жолу милиция кызматкерлерине, 7 жолу медицина кызматкерлерине, 3 жолу мэрияга  кабар берилип, телефон аркылуу 30 адамга психологиялык кеңеш берилген.

Чалуулардан мисал келтире турган болсок, 24-февраль күнү саат 21:02 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Чоң-Коргон көчөсүнүн тургуну А.Абдраев ооруп жаткандыгына байланыштуу 112 кызматына кайрылган. Медициналык тез жардам кызматы аталган дарекке барып, оорулууга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, ооруканага кайрылып, дарылануусун сунушташкан.

Ошондой эле, 25-феврал күнү саат 00:51 чамасында Свердлов районунундагы Восток-5 кичи районундагы жатакананын жанында жаш балдар мушташып, жашоочуларга тынчтык бербегендиктен 112 кызматына кайрылышкан. Милиция кызматкерлери аталган дарекке барышып тартип орнотушкан.

КРнын ӨКМнин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун адистеринин айтымында, максатсыз чалуулар көп болууда.  Жалган чалуулардын көп болуусунун себеби сенсордук уюлдук телефондордун контролсуз чалынышынын жана жаш балдардын ойноп чалууларынан, ошондой эле чукул кырдаалга тиешеси жок маалыматтарды сурап чалуулар болууда.

Эгерде сиз ар кандай чукул кырдаалга кабылган болсоңуз медицина кызматкерлерин, милицияны, өрт өчүрүүчүлөрдү чакыруу зарылдыгы пайда болсо, ойлонбостон “112” номери аркылуу Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына чалыңыз! Биз Сиздин кызматыңыздабыз! Чалуулар акысыз!