Датка сүрөт

Тарыхый инсандын бул сүрөтү, дегеле, биздин күндөргө чейин сакталган төрт сүрөтү боюнча так маалыматты белгилүү тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов архивдик булактардын негизинде таап чыккан. Анын айтымында, мындай маалымат Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейинде, Ташкенттеги Өзбекстандын мамлекеттик борбордук архивинде болгон. Ош уездинин начальнигинин милдетин аткаруучу подполковник Алексеевдин Фергана аскер губернаторуна 1907-жылы Курманжан каза болгондон 3 күндөн кийинки каты менен кошо датканын сүрөтүн салган. Анда автору Ош уездине караштуу канцеляриянын катчысы Григорьев төрө экендиги айтылат. Санкт-Петербургдан чыгуучу “Исторический вестник” аттуу журналга 1907-жылы “Курманжан датка Алай кыргыздарынын ханышасы” деген макала сүрөтү менен жарыяланган. 50 сомдук купюрада да ошол сүрөттөрдүн негизинде алынган деген пикирде тарыхчы К.Молдокасымов.

Айнура Шайкеева