Садыков

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков 1-декабрдан баштап эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган министрликтен билдиришти. “Канат Садыков 4 жылдан бери эмгек өргүүсүнө чыга элек болчу. 1-декабрдан тарта министр 1 жылда бир берилчү эмгек өргүүсүнө ылайык эс алууга кетти”,- деп билдиришти.

Белгилүү болгондой, Башкы прокуратура 26-ноябрда премьер-министрЖоомарт Оторбаевден, Кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу министр Канат Садыковдунжана Кыргыз-орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьевдин ээлеген кызматтарына туура келерин кароону өтүнгөн болчу.

Булак: super.kg