Билим берүү жана илим министрлиги республиканын билим берүү уюмдарындагы эс алуунун жаңы графигин жарыялады.

Мындай чара 2014-2015-окуу жылында кыш мезгилинде окуучулар арасында оорулардын күч алышына карата кабыл алынды, деп маалымдайт бүгүн, 23-октябрда министрликтин басма сөз кызматы.

Жаңы график боюнча мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу узартылып, тактап айтканда 2014-жылдын 29-декабрынан баштап 2015-жылдын 18-январына (20 күн) чейин болот. Муну менен узартылган күндөр жазгы эс алуу күндөрүнүн эсебинен каралып, мектептердеги окутуу 2015-жылдын 29-майына чейин улантылат. 2014-2015-окуу жылы 2015-жылдын 29-майында аяктайт.

Жазгы эс алуу үчүн 2015-жылдын 23-мартынан баштап 29-мартка чейин, 7 күн берилет.

Ал эми, орто жана жогорку профессионалдык окуу жайлардагы эс алуунун мөөнөтү 2015-жылдын 1-январынан баштап 31-январына чейин уланат.

 

Булак: Баракелде