КОсмоналиев катшыт1- КОсмоналиев катышты-

27-февраль Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиянынын (ЖАК) жалпы жыйынына катышты. Иш-чарада республиканын баардык региондорунан келген окумуштуулар жана илимий кызматкерлер болду.

ЖАК төрагасы Абдрахман Мавлянов мекеменин ишмердүүлүгү жана алдыга коюлган иш-пландары, максаттары тууралуу баяндама жасады. Буга чейин сырттан келген диссертациялык кеңештин мүчөлөрүн Кыргызстанга алып келүү абдан чоң көйгөйлөрдү жаратып келген. Алардын жол киреси, жатаканасы, тамак-ашы жана башка чыгымдары ошол коргоп жаткан диссертанттын моюнуна жүктөлөт. Ошондуктан, азыркы учурда ЖАК тарабынан атайын долбоор даярдалууда. Ал долбоорго ылайык, башка мамлекеттен келген диссертациялык кеңештин мүчөлөрү 20% кыскартылат. Ошондой эле баяндамада негизги маалыматтардын бири болуп ЖАКты электрондук түргө өтө тургандыгы болду. А.Мавляновдун айтуусу боюнча, эгер электрондук ЖАК ишке кирсе диссертациялар тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө веб-сайтка илинип, болгон процесстер ачык жүргүзүлөт жана плагиаттыкка бөгөт түзүлөт. Мындан сырткары, Улуттук библиотека менен биргеликте электрондук библиотеканын түзүлүп жаткандыгы айтылды.

Депутат К.Осмоналиев Жогорку Кенештин ишмердүүлүгү тууралу маалымат берип, комитетте буга чейин каралган маселерге токтолду. Комитеттин өткөн жумадагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 40-беренесинин башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоо бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө маселе каралгандыгын билдирди. 150 жылдан ашуун тарыхы бар көз карандысыз аккредитация маселеси да Кыргызстанда эл аралык көз карандысыз аккредитация институту катары таанылган. “2013-жылы тиешелүү мыйзамда көз карандысыз аккредитация маселеси белгиленген, бирок анын аткарууга улам мөөнөт суралып, кийинкиге жылып жатканы ойлондурат.Ошондой эле билим берүү системасында “специалитет” менен биргеликте батыш мамлекеттериндеги “бакалавр жана магистратура” системасын жана илимде докторантура менен PhD системасын бирге алып кетүү азырынча туура. Анткени совет доорунда жашап, баардык ой жүгүртүүлөр ошого калыптанып калган. Ага бир убакта өтүп кетүү кыйынчылыкты туудурушу мүмкүн”,- дейт ал. Комитет төрагасы К.Осмоналиев илимий кызматкерлерди мыйзам чыгаруу жаатында же илимди өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүүгө чакырып, комитеттин жыйынында илим жаатындагы демилгелерди кароого, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүгө дайыма даярдыгын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.