F3sCPxOe6-g

Акыркы 2-3 айдан бери күйүүчү майлардын баасы кескин өсүп кеткени өзүнчө көйгөй болуп калды.

Бишкекте “Аи-95” маркасындагы бензиндин 1 литрлик баасы 39-42 сомдун тегерегин түзүп келсе, октябрь айынын биринчи он күндүгүндө баасы 52 сом 20 тыйынды түздү. Ал эми “Аи-92” бензининин литри 48 сом 80 тыйындан, азыраак колдонулган “Аи-80” 40 сом 90 тыйындан сатылды. Ошол эле учурда дизелдик күйүүчү майдын (солярканын) литри 43 сом 50 тыйын болууда.

Күйүүчү майлардын кымбаттап жатканын биз өзүбүзчө иликтеп көрдүк. Ой-пикирлер өтө көп. Айрымдарына токтололу. Кээ бир эксперттер аны Ирактагы окуяларга байланыштырышса, башкалары Украинадагы окуяларды себеп катары көрүшүүдө.

Ал эми республика ичинде Кара-Балтадагы нефти иштетүүчү комбинат толук кубаттуулукта иштегенде бензин арзандайт эле деген дагы пикирлер жок эмес. Чимкенттеги 500 тонна жанар майдын Кыргызстанга өткөрүлбөй турганы да айтылууда. Эмне болсо дагы 2-3 айдын ичинде күйүүчү майлар дээрлик 10 сомго көтөрүлгөнү факт. Биз жогоруда Бишкектеги бааларды гана көрсөттүк. Региондордо мындан кымбат экени белгилүү.

Эми көңүл жубата турган жагдайлар жөнүндө сөз козгойлу. Кара-Балтадагы кытайлык ишкана толук кубаттуулукта иштесе жана нефти менен үзгүлтүксүз камсыздалса, анда бүткүл Кыргызстанды күйүүчү майлар менен дээрлик 70-80% камсыз кылмак деп айтылып келет. Мунун тегерегинде “Кытайлык ишкананын продукциясы Тажикстан менен Афганистанга кетип жатыптыр” деген сөздөр чыкты эле, комбинаттын жетекчилери мындай маалыматты жалганга чыгарды. Кантсе дагы ишкананы толук кубаттуулукта иштетүү зарылдыгы бар. Бирок, жергиликтүү элдин ден соолугуна зыян келтирбей тургандай кылып, экологиялык талаптардын жогору деңгээлде коюлушу абзел. Ушул күндө Токмокто да чаканыраак нефтини кайра иштетүүчү комбинат курулуп жатат. Жакынкы келечекте Россиянын “Роснефть” ишканасынын жетекчилери түштүк региондогу жанар май чыкчу жерлерди тереңдетип, чалгындап изилдөө иштерин жүргүзүү менен жанар май чыга турган жаңы булактарды табуу жагын пландаштырышууда.

Кыргызстанда октябрь айынын калган бөлүгүндө күйүүчү май дагы 3-5 сомго кымбаттай турганын нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, Россиянын мунай базарындагы жагдайлар турукташып, баалардын токтолуп калганы байкалууда. Ал эми солярканын баасы өзгөрбөй, арзандашы да мүмкүн экендиги айтылат.

Кыскасы, күйүүчү майлардын баа саясатын өзүбүз толук чече албайбыз, бул көбүнчө бизге күйүүчү май импорттоочу өлкөлөрдүн өзүндө баа кандай болуп жатканына көбүрөөк байланыштуу маселе дешет эксперттер.

Дүйнөлүк орточо баа 1,28 долларды түздү

Ошол эле мезгилде күйүүчү майлардын дүйнөлүк баасы төмөндөөдө. Бул тууралуу Independent басылмасы билдирет. Маселен, Brent нефти маркасынын баасы июнь айында 115,06 долларды түзсө, азыр 90,76 долларга түштү демек, дээрлик 20%га арзандаган. “АКИ пресс” маалымат агенттиги (Tazabek) Кыргызстанда жана КМШ, Европанын айрым өлкөлөрүндө, АКШда, Австралияда күйүүчү майлардын баалары кандай болуп жатканын Globalpetrolрrices сайтынын маалыматтарына таянуу менен салыштырмалуу анализ жүргүзгөн. Күйүүчү майга болгон дүйнөлүк баа ылдый түшкөнү менен Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү бааларга караганда бир топ жогору.

Азизбек Чамашев