44

Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев 2015-жылды өлкөбүздө Улуттук экономиканы чыңдоонун жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Азыр Кыргызстандын ар тараптан өнүгүүсүнө зор мүмкүнчүлүктөр бар. Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун өзү эле “алма быш, оозума түш” деген түшүнүктөн баш тартууга мезгил келгендигин шарттоодо. Чынында башка өлкөлөрдүн ийгиликтерине суктанып олтура берүүнүн да чеги бар.

“Ырыс алды ынтымак” демекчи, акыркы мезгилде өлкөбүздө өнүгүүгө өбөлгө болчу тынччылык жана туруктуулук өкүм сүрүп жатканына тобо кылып, акыл калчап, алдыга умтулбасак көп нерседен утуларыбыз шексиз.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки Улуттук стратегиясында белгиленген максаттардын реалдуу үзүрүн, натыйжаларын да көрөөр учур келди. Өткөн мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында энергетика, айыл чарба, транспорт жана башка тармактарда жалпы наркы 418,9 млрд. сомду түзгөн 24 улуттук долбоорду ишке ашыруу улантылды. Маселен, 500 кВольттук «Кемин» жана “Датка” көмөк чордондору ишке берилди, 218,1 км электр линиялары тартылып, $389,8 млн. каражат өздөштүрүлдү. Бул долбоор ушул жылдын орто ченинде толугу менен бүткөрүлөрү болжолдонууда.

Энергетика тармагындагы дагы бир бараандуу долбоордун башталышы саналуу мезгилден кийин өлкөбүздө энергокубаттуулуктардын тартыштыгын азайтат. Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушу 2 миңден ашык мекендештерибизди туруктуу жумушчу орундары менен камсыздайт. Ал эми Нарын ГЭСтин биринчиси 2016-жылы ишке киргизилсе, каскаддар толук бүткөрүлгөндө Нарын облусунун жылдык керектөөсүнө барабар электр кубаты өндүрүлөт.

Мындан тышкары, ушул тапта Орусия – Казакстан – Кыргызстан – Тажикстан транзиттик каттамына айлануучу альтернативалык Түндүк-Түштүк автожолунун биринчи кезегин куруу улантылууда. Жол 2018-жылдын ноябрь айында толугу менен бүткөрүлөт. Бул сыяктуу келечектүү долбоорлорду кайталап санай бериштин кажети жок. Соңку мезгилде курулуш жана жеңил өнөр жай тармактарында жаралып жаткан ийгиликтер да өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Азыр курулуш жана тейлөө тармактарына тартынбай инвестиция тарткан кыргызстандык ишкерлердин катары өсүп жатканы кубандырат.

Бирок, бюджетти толтуруучу масштабдуу долбоорлор үчүн инвестициялардын тартыштыгы дагы эле болсо сезилүүдө. Алсак, тоо-кен тармагындагы ырааттуу аракеттердин жоктугу чет элдик ири инвесторлорду чочулатып жатканы белгилүү. Ошондуктан, чечкиндүү кадамдарга барып, бул тармактагы саясаттын ачыктыгына жана тунуктугуна жетишүү зарыл. Ал эми интеграциялык процесстерге кошулуу кыргызстандык товарлардын сапатын жогорулатып, атаандаштыкка туруштук берүүсүн талап кылары айтпасак да түшүнүктүү. Евразиялык экономикалык биримдиктин шартында калкыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн жаңы жумушчу орундарды түзүп, айлык маяналардын өлчөмүн жогорулатуу милдети турат. Жарлыкта улуттук экономиканын өнүктүрүлүүчү багыттарын так аныктоо, ишкерликке шарт түзүү мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын артыкчылыктуу милдеттери экендиги так белгиленди. 2014-жылы Кыргызстан орточо деңгээлдеги улуттук ички дүң продуктусу бар өлкөлөрдүн катарына кошулуп, эл аралык рейтингдерде позициясын бекемдей алгандыгын дагы бир ирет эске салсак, улуттук экономиканы чыңдоо демилгеси элибиздин жашоосуна дем кошуп, алдыга сүрөөрү шексиз. Соңку маалыматка таянсак, Орусия мурда кол коюлган келишимдердин негизинде кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондуна алгачкы 100 миллион долларлык траншты которду. Фонду эсеби 500 млн. долларга жеткирилет. Эң башкысы бул каражаттарды жети өлчөп, бир кесип, сарамжалдуулук менен кайтарымдуу пайдалануу зарыл.  Азыр жалкоолор гана жарды жашайт. Андыктан, жараткан өзү ыроолоп ырыскы тартуулап жаткан чакта, бел чечпей белсене эмгектенүү экономикабызды алдыга сүрөп, элибиздин жашоо шартын жакшыртаарын эстен чыгарбаганыбыз абзел. Биздин мындай пикирди экономика тармагы боюнча адис эксперттер да колдойт.

Экономика боюнча эксперт Азамат АКЕЛЕЕВ:

– Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялап койсок эле экономикабыз чыңдалып кетпеси түшүнүктүү. Бул демилге Өкмөттүн конкреттүү иш-чаралары менен коштолушу керек. Тоо-кен, туризм, айыл чарба сыяктуу беш-алты тармактар боюнча 20-30 иш-аракеттер аныкталса, аткарылса гана демилге максатына жетет деп ойлойм.

Экономика боюнча эксперт Жумакадыр АКЕНЕЕВ:

– Чынында эгемендүүлүк алгандан бери экономикабызга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келди. Президент атайын жарлык менен улуттук экономиканы чыңдоонун жылы деп жарыялаганы эң жакшы чечим болду. Экономикага  көңүл бурбасак, келечегибиз кыйын болчудай. Азыр өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн жагымдуу жагдайлар бар. Мисалы, быйыл тоо-кен тармагында “Кумтөрдөн” башка Талды-Булак, Иштамберди, Бозумчак сыяктуу долбоорлор иштей баштаса, Кытайдан товар ташыбай, жаңы жумушчу орундарды түзүп, жеңил өнөр жайын жолго койсок, кыскартып айтканда жарлыкта белгиленген максаттар боюнча конкреттүү иш жүргүзсөк, экономикабыз чыңдалат деп ойлойм. Евразиялык интеграция шартында жарандарыбыздын айлык маяналарын, пенсияларын көбөйтүү өтө курч маселе. Экономика өнүкпөсө, аларды чечүү кыйын.

Бизнес-эксперт Сергей ПОНОМАРЕВ:

-Биз бир топ убакыт мурда бизнес коомчулук арасында социологиялык иликтөө жүргүзүп, Өкмөт экономика эмес, көбүнесе саясат менен алектенет деген тыянакка келгенбиз. Мындай жарлыкка эртелеп кол коюлушу керек эле. Азыр да кеч эмес,  мамлекет башчысы экономиканы минтип өз көзөмөлүнө алганы абдан туура. Биз жарлыкты колдойбуз. Жарлыкта көрсөтүлгөн чаралар так аткарылса, быйыл экономикабызда чоң өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Мисалы, жаңы жумушчу орундарын түзө албаган жетекчилерди жакшы деп айтыш кыйын. Ошондуктан, жарлыкты жүзөгө ашырууда бардык деңгээлдеги жетекчилердин ишмердигине баа берүүнүн критерийлерин карап чыгуу зарылдыгы бар. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү бул жана башка маселелер боюнча Өкмөт менен ийри олтуруп, түз кеңешүүгө, ой-пикирибизди жана сунуштарыбызды айтууга даярбыз.

Атай АЛТЫМЫШЕВ