парламент1

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кириши боюнча 2-декабрда парламенттик угуу өткөрөт.

Бул маалыматты 28-ноябрда парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Парламенттик угуу өткөрүүнү Экономикалык жана фискалдык саясат комитети демилгелөөдө, угууга депутаттар, өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышат. Анда аталган биримдиктерге кошулуу процесси талкууланат.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА