лоторея

Баткен шаарынын  71 жаштагы тургуну Товар Тагайбекова Элдик лотореясынын 14-февралда ойнотулган оюнунда жеңүүчү болуп, 8 млн сомдун ээси болду. Товар апа Баткен шаарынын борбордук базарынын жанынан 3 лоторея сатып алган, анын бирөөсү аны миллионер кылды. 8 баланын апасы, 20 небере,16 чеберенин чоң  энеси эми бул утушун жалпы шаар тургундары менен белгилөөдө. Ал элге той берип, уккан кулак баары Товар апаны барып куттукташты. Ал биринчи эле кезекте уулуна кымбат баалуу жеңил автоунаа сатып берди. Калган  каражатты Товар апа уул-кыздарына турак жай салууга жумшаарын айтты.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу