улукбек1

“Өзбекстан Сох дарыясын Баткен тарапка буруп салып, Кыргызстандын бошоп калган жерлерин өздөрүнө өткөрүп алууда”,- деп билдирди депутат Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында. Депутаттын пикиринде, атайын суу насосторун орнотуп, сууну Баткендин дарыяларына буруу зарыл.

“Өткөн жылы дарыянын суусу биз жакка бурулуп, 300 гектар жер суу астында калган. Быйыл деле ошондой болуп жатат”,- деди Кочкоров.

Баткен элине Тажикстан тараптан да кысым болуп жатканын айтты ал. “Чек арага жакын жерде Тажикстандын 20 миң жашоочусу бар айыл пайда болду. Бул Баткен шаарынын элинен да көп. Улам жылып отуруп Баткен элин кысып жатышат. Эл аргасыз үйлөрүн сатып кетүүдө. Өкмөттөн бул боюнча иш алып барууну талап кылам”, – деди депутат.

Булак: super.kg