Лейлек районуна иш сапары менен келген КРнын Президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов эл менен жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев Баткен жергесинин ыкчам өнүгүүсү үчүн ар дайым көңүл бөлөөрүн да айтты.

Ал Лейлек районунун Көк-Таш айылында Халбото Боронбаев атындагы жаңыдан салынган мектептин ачылыш аземине катышты. Бул салтанатта Президент А.Атамбаевдин атынан мектепке компьютерлерди тапшырды. Алыскы Көк-Таш айылында кыска мөөнөттүн ичинде Мамлекет башчысынын колдоосу менен 46 млн. сом каражат бөлүнүп, алыскы айылдагы мектеп заманбап шарттар менен пайдаланууга берилди. Сумбула айыл аймагынын Искра айылындагы 844 окуучулук Манас орто мектеби да ачылды. 27 млн. сомдук каражатка курулган мектепке да Мамлекет башчысы колдоо көрсөттү.

Иш сапардын жүрүшүндө И.Раззаков атындагы чек ара отрядына барып, үйлүү болушкан чек арачыларга А.Атамбаевдин куттуктоо сөзүн окуп берип, алардын балдарына оюнчуктарды сатып алууга 200 миң сом тапшырды.

 А.Акматов