Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын депутаты Урмат Аманбаевага карата кылмыш ишин козгоду.Ведомствонун басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда билдиргендей, аталган кылмыш иши ушул жылдын 27-октябрында КР Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 2-бөлүмү менен козголду.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, У.Аманбаева Ош облустук кургак учук менен каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз каражатка ээ болуу максаты менен борбордун директору А.Б., аталган борбордогу дарыкананын башчысы Ф.Ш., «Б.» ЖЧКнын директору М.У. жана башкалардан турган топ түзгөн.

У.Аманбаеванын мыйзамсыз талабын аткарган Ош облустук кургак учук менен каршы күрөшүү борборунун медайымдары Ош облустук кургак учук менен каршы күрөшүү борборунун дарыканасынан алынган кургак учукка каршы колдонулуучу дары-дармектерди жана дезинфекциялык каражаттарды жазуу түрүндөгү документтерге ашырылган түрдө көрсөтүшкөн.

Дары-дармектер менен каражаттар үчүн ашырыла жазылган сандык айырмалар «Б.» ЖЧКнан алынган болуп көрсөтүлгөн. Ашыра жазылган акча каражаты аталган ЖЧКнын эсебине которулуп, андан соң түзүлгөн топтун мүчөлөрүнө бөлүнүп турган.

Ош облустук кургак учук менен каршы күрөшүү борборундагы мындай көрүнүш 2009-жылдан баштап, 2013-жылга чейин созулуп, мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 17 млн 263 миң 500 сомго жеткен.

«У.Аманбаева тергөө иштери үчүн болгон Башкы прокуратуранын бир нече жолку чакыруусуна жооп берген жок. Ал учурда «Ош-Кардио» жеке медициналык борборунда дарыланууда», – деп айтылат маалыматта.

Бул кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүү Башкы прокуратуранын Иликтөө башкармалыгына берилди.

Эске салсак, А.Салянова ушул жылдын 17-апрелинде парламенттин отурумунда Башкы прокуратуранын 2013-жылдагы отчетун тапшырып жатып, Ош облустук кургак учук ооруканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын айткан. Аны мененкатараталган ишке фигурант катары У.Аманбаеванын ысымы аталган.

Ош облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан акча каражатын мыйзамсыз чыгаруу схемасы:

Урмат-Аманбаева