Закон
Азаттыкка ээ болгон Кыргызстандын Баш мыйзамы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан бери 9 ирет өзгөрүүгө тушукту. Ушу тапта коомчулукта Конституция дагы бир жолу өзгөртүлүп, өлкө же таза президенттик, же таза парламенттик башкарууга өтүшү керек деген пикирлер айтылып келгени жашыруун эмес. Буга байланыштуу парламент жакында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселени кызуу талкууга алышты. Бирок, мындай аракет суу кечпей турганы маалым. Анткени, өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, ага парламент тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Айрыкча, шайлоо системасына, бийликтин сот бутагына жана Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн ыйгарымдарына тиешелүү оңдоолорду аталган мөөнөткө чейин эл өкүлдөрү киргизе албайт.
Коомчулук арасындагы 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайра баруу керектиги тууралуу айтылган пикирлерге айрым саясатчылар макул эмес. Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамдын түзүүчүлөрүнүн бири Өмүрбек Текебаев Конституцияга катара айтылган сындардын баарын негизсиз деп эсептейт. Анын пикиринде, Кыргызстан өзүнүн тарыхында эки ирет президенттик башкаруу таризинде жашап көрдү, бирок, аягы жакшылык менен бүткөн жок.
“Тентек гана өз тажрыйбасынан үйрөнөт. Акылдуу башканын тажрыйбасынан үйрөнөт дейт. Биз үчүнчү жолу дагы өзүбүздүн тажрыйбабыздан үйрөнбөсөк, анда бизге коюлган диагноз кандай болот? Мен ошол Конституциянын бул же, тигил жерин өзгөртүш керек дегендерден бирдиктүү ойду, системаны көргөн жокмун. Ачыгын айтканда, “Бүткөн ишке сынчы көп” дегендей, жөн эле Конституцияны сындамыш болушууда”,- дейт Ө.Текебаев.
Ал эми Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Конституциянын талаптары менен иштебөө 2002, 2005, 2010-жылы апрель, июнь окуяларынын себеби болгонун белгилеп, ошол эле учурда жаңы президент келээри менен жаңы Конституция жазуу адаты токтотулушу керек деген пикирди дайыма айтып келет. Бир катар саясий серепчилер белгилешкендей, Баш мыйзамды тез-тез өзгөртө берүү Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына кедергисин тийгизбей койбойт. Айтымдарында, тынымсыз реформа жүрүп турган мамлекет менен иштөөдөн инвесторлор да жалтанышат.
Дүйнөдө эч кынтыксыз Конституция болбойт. Бирок, замандын агымына, доорлордун алмашышына карай, Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип турушу мыйзам-ченемдүү көрүнүш. Негизгиси, Баш мыйзамда жазылган бардык мыйзамдар өлкө ичинде анын бардык жарандары тарабынан милдеттүү түрдө сыйлануусу жана аларга моюн суна, аткара билүүсү шарт. Анткени, Баш мыйзам – өлкөнүн өзөгү.
Динар Турдугулова