нацбанк

Депутат Элвира Жумалиева: “Банктарда насыя берүүдө пайыздык ставкалар жогорулап жатат, Улуттук Банктын жүргүзүп жаткан саясаты түшүнүксүз “-деп бүгүн 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында айтып чыкты. Депутаттын белгилөөсүндө буга КР Улуттук банкынын таасири болуп жатат. Азыркы кезде пайыздык ставкаларды төмөндөтүүгө аракет кылгандын ордуна, тескерисинче жогорулатылып жатат. “Эмне үчүн Өкмөт ишкерлерди колдоо боюнча маселени карабай жатат”,-дейт депутат Э.Жумалиева. Буга үндөш маселени депутат Ы.Кадыралиева көтөрүп, сомду колдоо максатында насыяларды сом менен берүүнү сунуштады. Анын пикиринде, көптөгөн жарандар АКШ доллары менен алган насыяларын төлөй алышпай кыйналып жатышканын белгиледи деп Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА