баластан2-
Кечээ, 18-февралда Жогорку Кеңеште «Жеке кол тийбестикке балдардын укугун жүзөгө ашыруу жөнүндө» ЖК токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министри Дамира Ниязалиеванын айтымында, Кыргызстан балдардын укуктарын коргоо боюнча бир катар эл аралык конвенцияларга кошулгандыктан, акыркы мезгилде балдарга карата жасалган оор кылмыштуу жосундардын ачыкка чыгышы балдардын укуктарын коргоо жаатында жасалып жаткан аракеттерди кайрадан карап чыгуу зарылдыгын дагы бир ирет тастыктады.

Ошондой эле эл өкүлдөрү бул маселе боюнча талкууга чакырылгандарга балдардын укуктары корголбой ар кандай кыйноолорго туш болуп жаткандыгына эмнелер – мыйзамдуулук жаатындагыбы же морал жаатындагыбы өксүктөр себеп болуп жаткандыгын сурашты.

«Балдардын укугун коргоо жаатындагы Балдар кодекси баштаган мыйзамдар жакшы жазылган. Бирок айрымдары аткарылбай жатат. Буга кошумча коомдун социалдык-экономикалык абалы себепкер болууда. Андыктан, бул багытта бийлик өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, дин өкүлдөрү – жалпы коомчулук бирдикте иш алпаруусу керек», – деди ал.

Айрым эл өкүлдөрү тарабынан бала бакчалардын жетишсиздиги дагы балдардын укуктарынын корголушуна кедергисин тийгизип жатканы айтылды. Ошондой эле жер-жерлерде өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун, мектептерде класс жетекчилердин ишин күчөтүү зарылдыгын белгиленди. Мындан сырткары, ата-энелердин жоопкерчилигин мыйзам чегинде жогорулатуу сунушталды.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен ЖК токтомунун долбоору кабыл алынып, анда КР өкмөтүнө балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча комплекстүү улуттук план иштеп чыгуу, Балдар укугу боюнча туруктуу Координациялык кеңеш түзүү жана бир катар министрликтер менен Акыйкатчы институтуна тиешелүү тапшырмалар белгиленди.