Алымбай Султанов

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында 3-окууда каралды. Долбоор аркылуу “КР баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө”, “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөр сунушталган.

Аракеттеги мыйзамга ылайык, Баңги заттарды көзөмөлдөө органы бажы кызматкерлери менен бирдикте автоунаа, темир жол жана аба транспортторундагы жүргүнчүлөрдүн кол сумкаларын, багажын кароого укуктуу. “Мында “бажы кызматкерлери менен бирдикте” деген сөз Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматтын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын чектөөдө. Андыктан бул мекеме кызматкерлерине өз алдынча баңги кылмыштарын аныктоого жана аларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берүү каралган. Ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө укуктуу деп айтылган 21-пункт менен толуктоо сунушталган.

Талкууда депутаттар адам укуктары бузулушуна шарт түзүлүп калбасын деген кооптонууларын билдиришти. Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин директору Алымбай Султанов эгерде кызматкерлер мындай  катачылыктарга жол берилсе, кызматкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылаарын жооптоду.

Ошону менен катар депутаттар борбор калаада жаңыдна пайда боло баштаган, жаштарды уулантып, башын айлантып жаткан “спайс” аттуу синтетикалык каражаттын ээн-эркин сатыла баштагандыгынан коңгуроо кагып, бул баңгизаттардын тизмесине киргизиле элек болсо дагы кайгылуу натыйжаларды күтпөй, алдын алып, тыюу салууну сунушташты. “Спайска” кечигип кала электе тыюу салуу зарыл. Себеби, Орусиядагыдай бир топ жаштарыбызды жоготуп алабыз”, -дейт депутат Курмантай Абдиев. А.Султанов бул иш алардын ыйгарым укугуна кирбесе дагы тиешелүү иштерди жүргүзө баштаганын белгиледи.

Жыйынтыгында бир катар талкуулардан соң мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.