операция1

Бул тууралуу маселени депутат Эркингүл Иманкожоева бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, азыркы тапта республика аймагында бөйрөк, боор оорулары көбөйүп жатканы белгилүү. Бул илдетти айыктыруу – бөйрөк, боорду алмаштыруу чет өлкөлөрдө жүргүзүлүп келет. “Биздин медицина илиминин окумуштуулары, адис- дарыгерлер мындай дарылоону колдорунан келишерин айтып жатышат. Тилекке каршы, тиешелүү жабдуулардын жоктугунан жарандарга кызмат көрсөтүлбөй келет. Эсептөөлөр боюнча бөйрөк, боор алмаштырууга 60 миллион сом керек экен. Мындай олуттуу маселеге Өкмөт көңүл бурса”,- дейт депутат.