33
 Бүгүн, 9-декабрда саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

«Түндүк электр» ААКтын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Иваницин, Үмөталиев көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында, Жибек Жолу проспектисинде жана Балбан-Таймаш конушунда, Арча-Бешик конушунун Чапаев көчөсүндө, Ак-Босого конушунун Ынтымак, Жаңылык көчөлөрүндө электр жарыгы жок болот.

Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.