Азербайжан ӨКМи Кыргызстанга 5 өрт өчүрүүчү унаа тапшырды
Азербайжан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кыргызстанга 5 өрт өчүрүүчү унаа берилди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейинки эки тараптуу өзгөчө кырдаалдар мекеменин башчыларынын келишиминин негизинде тапшырылды. Эске салсак, 2014-жылдын 5-июнунда өткөн 7-эл аралык конференцияда экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстандын ӨКМи Кубатбек Боронов менен Азербайжан ӨКМи Кямаледдин Гейдаровдун эки тараптуу жолугушуусунда 10 өрт өчүрүү унаасы Кыргызстанга берилери айтылган.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА
Комментарий кошуу