Айгүл6 Айгүл Айгүл1 Айгүл2 Айгүл3 Айгүл4 Айгүл5

Дүйнөдө сейрек кездешүүчү  Айгүл гүлү быйылтан баштап Кыргыз мамлекеттик токой чарба агенттиги тарабынан корукка алынды. Ал үчүн аталган агенттик тарабынан 3 миллион сомдон ашык акча каражаттары бөлүнүп, айланасы тосулду. Мындан  тышкары, Айгүл гүлүн  коргоо үчүн токой күзөтчүлөрү деген атайын эки штат берилмей болду.

 Жергиликтүү тургун Закир Жакыповдун айтуусунда, Союз тушунда Айгүл гүлүн  окуучулар  коргоп, гүлдүн бир  башын да эч кимге жулдурган эмес. Ушундан улам, Баткенде гана өсүүчү  Айгүл гүлүнүн көбөйүшүнө жагымдуу шарттар түзүлгөн. Айтмакчы,  бул гүлдү  кезектешип, ал турсун  туристтер көп келген маалда түнкүсүн да өз демилгелери менен коргоого алышкан карабулактык окуучулар  мекенчилдигин көп массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Кийин андай болбой калды. Өзгөчө облус түзүлгөн соң, туристтердин саны өсүп, окуучуларга баш бербеген «чоңдордун» кенебестигенен улам, Айгүл гүлү жабыркап, ал турсун  жоголуп кетүү коркунучунда калган эле. Гүлдү көрөм  деп  туш тараптан келгендер  Айгул тоонун айланасы тосулбагандыктан туш тарабынан киришчү.  Анысы аз келгенсип жулуп да кетишчү. Эми бул маанай чөктүргөн окуянын алдын алуу үчүн Мамлекеттик токой чарба  агенттиги  кызыл китепке кирген, дүйнөдө өтө сейрек кездешкен гүлдү атайын корукка алды. Баткен райондук токой чарба кызматкерлеринин башчысы Абдыкалык Кимсановдун айткандарына таянсак, 3 млн сомдон ашык акча каражаттары бөлүнүп, 253 гектар аянт тосулду.

Иш дагы уланат. Жетекчинин маалыматына караганда, дагы  2-3 жылдын ичинде 50 миңден ашык бак-дарактар отургузулат. Келген туристтер үчүн да атайын конок үйлөрү курлат. Көңүлдүү эс алып кетүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Жаратылышка, анын ичинде дүйнөдө өтө сейрек кездешкен Айгүл гүлүнө болгон мындай мамиле менен эң башкысы жоголуп кетүү коркунучунда турган Айгүл гүлүн көбөйтүүгө жана коргоого мыкты шарттар түзүлөт.

 А.Акматов, Баткен облусу