аман калган таксист

Аман калган Улан

Жол-кайгуул кызматкери десе эле көпчүлүк мекендештер ала таягын көтөрүп, айдоочулардын чөнтөгүн кагып турган кызматкерлерди элестетишет. Бирок, ошол ЖККнин арасында өз милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып, ал тургай өз өмүрлөрүн тобокелге салып, адам өмүрүн сактап калгандар арбын. Ага бир мисал, 8-февралда кызматтык милдетин аткарып жүрүшкөн милициянын старшинасы Асылбек Байбосунов жана милициянын прапорщиги Курманбек Касымовдор айдоочунун өмүрүн сактап калышып, учурда ошол окуяга кабылган таксист менен бир туугандай жакындардан болушту. Анда кеп башынан болсун…

Буга чейин үй-бүлөсүн такси айдап багып жүргөн Арыстанбаев Улан 8-февралда түнкү саат 8 жарымдарда өзүнүн “Мерседес-Бенс” үлгүсүндөгү автоунаасы менен “Манас” проспектисиндеги “Рахат” кафесинин жанынан өтүп баратып, кол көтөргөн балдарга токтойт. Оюнда эч жамандыгы жок айдоочу алар суранган “Дордойго” жеткирүүгө баасын 400 сом деп келишкенде  машинеге 3 бала чыгышкан. Бирок, кардарлар көздөгөн жерине жеткенде айдоочуну коркутуп, ур-токмокко алып, моюнуна жип салып, муунтушкан. Жан айласын кылып, өзүн коргогон Уланга бычак такап, колунун булчуң этине сайып жиберишкен. Ошол боюнча унаанын арткы орундугуна отургузуп, бейтааныш балдардын бирөөсү унааны айдап, Сокулук тарапка бет алган. Жолдо бара жатып ичкиликке кызып алган немелер Уландан “канча балаң бар? Аларды эми көрбөйсүң, андан көрө “Аллоху-акбар” деп келме келтире бер!” дешип башка-көзгө ургулашат. Качуунун түркүн амалын ойлогон таксист “машиненин майы түгөнүп өчүп калбасын, талон бар ошого бензин куюп алгыла!” деп өтүнөт. Сокулук районунун Гавриловка айылындагы  “Газпром” май куюучу жайга токтоп, унаанын майын толтуруп алып андан ары жол тартууга аракет кылган зөөкүрлөрдүн кыймыл аракетинен шек алган  Чүй облусунун ИИББнын жол кайгуул кызматкерлери унааны текшергенде 2 бала качып кетүүгө үлгүрөт. Унааны айдап келген баланы дароо колго түшүрүп, жабырлануучуну тез жардам чакырып ооруканага жөнөтүшөт. Кармалган  жаран 24 жаштагы Анарбек уулу Автандил Сокулук районунун Октябрь айылынын тургуну болуп чыкты. Учурда Бишкек шаарында ширетүүчү болуп иштеп жаткан. Анын айтымында, бардык кылгылыкты Арзымат аттуу таанышы жасаган.  Учурда аларга Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, качып кеткен эки жаранды издөө иштери  жүргүзүлүүдө.

Өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган Улан Чүй облусунун жол кайгуул кызматкерлери – милициянын старшинасы А.Байбосунов жана милициянын прапорщиги К.Касымовдорго ыраазычылыгын билдирүүдө.

 Н.Токтосунов, Чүй  облусунун ИИББ Басма-сөз кызматынын ага тескөөчүсү, милициянын капитаны