Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы Сырт айылынын тургуну Р.Тажибаев 3 баласы менен аялын үйүнө камап, өз үйүн атайын өрттөп салды.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 21-февралда саат 23:30да Р.Тажибаев 112 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйүнө үй-бүлөсүн камап, бензин куюп өрттөгөн. Турак үй толугу менен күйүп кеткен. Ал эми, үй-бүлөсү терезе аркылуу качып чыгууга үлгүрүп, үй-бүлө мүчөлөрү өрттөн жабыркаган жок.

Өз үйүнө өрт койгон Р. Тажибаев Айдаркен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан камакка алынды.