отунбаева90-

2015-жылы Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгын, дүйнө кыз-келиндеринин абалын жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин Пекин платформасынын кабыл алынганынын 20 жылдыгын жана БУУ Коопсуздук кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүү учурунда аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясынын кабыл алынганынын 15 жылдыгын белгилейт.

Кыргызстандын аялдар коомчулугу, өкмөттүк эмес уюмдар 2015-жылдын 2-3-мартында өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын, бизнестин, саясаттын, кесиптик бирликтердин, иш берүүчү уюмдардын өкүлдөрүн, илимпоздордун, маданият ишмерлердин, журналисттердин жана активисттердин башын кошуп, миңден ашык адамдын катышуусу менен Кыргызстан Аялдарынын улуттук форумун өткөрүү демилгеси менен чыгууда. БУУнун Аялдар түзүмү бул саамалыкты колдой турганын билдирди.

Сымбат МАКСУТОВА