франсуа

Бир мертебе улуу француз сатириги Франсуа Рабле акчасы калбай калгандыктан, Лондон Парижге жете албай кыйналат. Ырас, кыйынчылыкка чүнчүп калуу Рабленин мүнөзүнө жат! Ал 2 кагаз пакетке үч чымчым шекер салып, ар бирине “Корол үчүн уу”, “Королева үчүн уу” деп жазып көрүнөө жерге коюп коет. Отелдин кызматкери бөлмөнү жыйнап жатып аны көрүп мейманкананын ээсине жүгүрүп барат. Ошентип полиция келип, Раблени кармап алышып, конвойдун коштоосунда Парижге жөнөтөт. Парижде прокурор аны суракка ала баштайт. Уу эмес шекер экенине таптакыр ишенбей койгон соң Рабле “ууну” жутуп жибериптир.

Бактыбек ИМАМАДИЕВ