текебаев

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда болуп, Бешик-Жон айыл өкмөтүнөгү жаңы курулган 90 орундуу балдар бакчасынын ачылышына катышты. Айыл тургундары бала бакчанын курулушуна эл өкүлдөрү Ө.Текебаев менен С.Нышановдун жардамы чоң болгонун белгилешип, ыраазычылык билдиришти.

Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары Ө.Текебаев менен С.Нышанов Могол айыл өкмөтүнө барып, С.Далбаев атындагы №17 мектептеги спорт залдын курулушу менен таанышып, ага капсула таштады. Депутаттардын көмөгү менен аталган спорт залдын курулушуна мамлекеттин казнасынан 9 миллион сом каралган. Кошумча 2 миллион сомду АРИС, 1 миллион сомду жергиликтүү жамаат жана айыл жашоочулары которуша турган болгон.

Депутаттар андан ары Ооган-Талаа айылына сапар алып, аталган айылдагы жаңыланып, оңдолгон төрөт үйүнүн реконструкциясы менен таанышты. Оңдоп-түзөөгө кеткен 1 миллион сомдук каражатты республикалык бюджеттен депутат С.Нышанов бөлдүрткөн. Ага төрөткананын чатыры, бөлмөлөрү жаңыланган. Муну дарыгерлер баса белгилешип, “Ата Мекен” фракциясына ыраазылык билдиришти. Ошону менен бирге көйгөйлөр да айтылып, жетишпеген нерселерге эл өкүлдөрү жардам беришин өтүндү. Жогорку Кеңештин депутаттары төрөт үйүнө тийиштүү техникалык жабдууларды алып бергенге көмөктөшө тургандыктарын убада кылды деп билдирди “Ата Мекен” фракциясынын басма көз кызматы.