Мындай маалымат кечээ, 25-февралда Нарын шаарында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо, аларга материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөтүү багытындагы конвенцияны талкуулоодо аталган борбордун жетекчиси Шайгүл Өмүралиева билдирди,-деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, «Акбайрак» балдар реабилитациялык борборунда 7 жаштан 18 жашка чейинки  65 бала тарбияланып келет. Учурда 65 баланын ичинен 24 бала майып, калганы томолой жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
«Биздин борбор 1999-жылдан бери майып балдарды коомчулукка кошуу максатында иш алып барат. Инклюзивдик борбор болгондуктан дени сак балдар менен майыптуулугу бар балдарды чогуу окутабыз. Анткени майып балдар дени сак балдардан көп нерсени үйрөнө алышат», – дейт Ш.Өмүралиева.
Ал кошумчалагандай, учурда мамлекеттин карамагында болбогондуктан алар ар кандай долбоорлор менен иштешет. Бирок ал жакта иштеген кызматкерлерге эмгек акы каралбайт. «Ушул күндүзгү борборлор мамлекет тарабынан каржыланбай жатат, бюджетке кирбей жатат. Эмгек акы албайбыз, деп ал жакты бекитип койгон жокпуз. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бардык жактан муктаж», – деди ал.