– 1991-жылдын 31-августунда Жогорку Кеңеш тарабынан “Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө” декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары жарыяланган. Көз карандысыздыктын шарттарында 1991-жылы 12-октябрдагы жалпы элдик шайлоодо Сиз Кыргыз Республиканын Президенти болуп шайландыңыз. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болууга кадам таштаган алгачкы жылдарда жаңы мамлекетти курууга кошкон салымыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– 1991-жылдын 31-августу Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый күн болуп калды. Бул күнү мамлекетибиздин көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алынган. Бирок ал учурда Союз сакталып турган кези эле. Андыктан аракет кылуу керек болуучу. Ойлонууга убакыт жок эле. Республикабызда саясий жана социалдык-экономикалык кырдаал СССРдин калган бардык республикаларындай эле өтө оор болгон. Улуу Совет мамлекети анын жарандары болгон биздин көз алдыбызда урай баштаган.

Кыргызстандагы кырдаал республиканын түштүгүндө 1990-жылы болгон кайгылуу этникалар аралык чыр-чатактардан кийин айыга элек жаратыбыз дагы тереңдей баштады. Орус тилдүү калктын интенсивдүү көчүп кетүүлөрү башталган. Экономика жана финансы оор абалда эле. Республиканын бюджети Борбордон берилүүчү дотациялардын чейрек өлчөмүнө чейин кыскарды. Буга кошумча, табигый кырсыктар – жер титирөөлөр, сел жана жер көчкүлөрү биринин артынан бири боло баштады.

Мындай кырдаалда элдин биримдигин сактоо жана чыңдоо, этникалар аралык ынтымакты чечүү, социалдык-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча бардык жандуу чараларды көрүү талап кылынды. Бул максаттарда биз жашоо-турмуштун бардык чөйрөсүн демократиялаштырууга багыт алууну жарыялап, “Кыргызстан биздин жалпы үйүбүз” улуттук доктринасын иштеп чыктык. Дал мына ушул доктринаны жандуу ишке ашыруу Кыргызстандын көз карандысыздыгынын алгачкы 15 жылында элдин биримдигин, улуттар аралык ынтымакты жана өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылып, турбуленттүү 90-жылдардагы демократиялык жана рыноктук реформаларды ийгиликтүү жүргүзүүгө өбөлгө түздү.

Республикада негизинен демократиялык көз караштагы адамдар мени менен бирге бийликке келди. Советтик авторитардык өткөн жылдардагы инерцияга алдырган жокпуз. Ошондуктан демократиялык реформаларга тезинен басым жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Кыргызстан бул багытта постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн алдында болгондугун айткандан чочулабайм. Биздин республика рыноктук социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө КМШ өлкөлөрүнүн алдында болду: анткени өзүнүн улуттук валютасын – сомду киргиздик, жер реформасын ийгиликтүү өткөрдүк жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну Швейцариянын үлгүсүндө түзө алдык. Натыйжада 1998-жылга карата Кыргызстан рыноктук экономикасы бар өлкө деп таанылып, КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчилерден болуп БСУга кабыл алынды, бул кийинчерээк соода жана тигүү тармагында жүз миңдеген жумушчу орундарын камсыз кылды.

Дүйнөлүк коомчулук биздин өлкөнү өз катарына Кыргызстандын прогрессивдүү жана демократиялуу өнүгүү жолуна түшкөндүгүнө ишенүү менен кабыл алды. Биз өлкөбүздү Борбордук Азиядагы “аралча” деп аталып калганыбыз менен сыймыктандык. Ошентип, дүйнө жүзүндө Кыргызстандын татыктуу кадыр-баркы түзүлүү менен эл аралык финансы уюмдарынан жана донор өлкөлөрдөн инфратүзүмдөрдү түзүү боюнча: Бишкек-Ош жолун куруу, “Манас” аэропортун реконструкциялоо, байланыштын телекоммуникациялык заманбап сан арип тутумун түзүү, электр өткөргүчтөр чубалгыларын куруу жана жылуулук электр борборун реконструкциялоо, саламаттыкты сактоо тутумун модернизациялоо жана башка көптөгөн маселелер боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көп жардам алууга жетише алдык.

Ошентип, алгачкы он төрт жылдын ичинде биз көз карандысыз чыныгы демократиялык мамлекетти куруп, дүйнөлүк коомчулукта жогору кадыр-баркка жетиштик. Акаев мезгили биздин улуттук тарыхыбызда жигердүү иштер менен эсте калат деп ишенемин. Мен Кыргызстандын биринчи президенти катары өз элим үчүн болгон күч аракетимди жумшадым. Мен президенттин постунан кетип жатып, өз мекендештеримдин биринин да канын төкпөй, абийирдүү бойдон калдым. Менин эл алдында жүзүм жарык.

– 1991-жылы 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Таджикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан КМШ түзүү келишимине кол коюшкан. 25-декабрда М.Горбачев СССРдин жоюлганына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтотконун билдирген. Ушундай Улуу өлкөнүн кыйрашына эмне себеп болгон?.

– СССРдин кыйрашынын себептери жөнүндө көп сөз кылууга болот, бул жөнүндө жүздөгөн китептер жазылып, ар кандай журналдарга жана газеталарга миңдеген макалалар жарыяланды. Бирок анын чыныгы себептери бүгүнкү күнгө чейин аныктала элек. Бул кесипкөй тарыхчылар менен саясатчылардын иши. Мен орус элинин улуу тарыхчысы Лев Гумилевдун 1970-жылдары эле андай окуянын болоорун алдын ала айтканын гана белгилей кетким келет. Ал СССРдин алдыда боло турган кыйрашын мамлекеттүүлүктүн советтик тутумунун акыркы цикли болгондугун түшүндүрүү менен ал тургай анын узактыгы болжолдуу түрдө 75 жылга чейин бараарын айткан. Ошентип, Л.Гумилев көрөгөчтүк менен айткан СССРдин кыйроосу үчүн объективдүү себептер болгон. Натыйжада, СССР эртеби же кечпи өзүнүн турмуштук ресурсун түгөтөөрү айдан-ачык эле. Бирок тилекке жараша ал кыйроолор иш жүзүндө тынчтык жол менен өттү.

Совет доорунда чоңоюп, тарбияланган биз үчүн бул драмалык окуя болду. Совет доору азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизине терең из салып кеткендигин эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, мамлекеттик башкарууну жана ал тургай эл аралык иштерди кошуп алганда жогорку кесипкер кадрлар даярдалды. Ал эми согуштан кийинки үч он жылдык илимдин, билим берүүнүн жана маданияттын чыныгы ренессанстык доору болуп калды. Ч.Айтматов, Т.Садыков, Б.Миңжылкиев, Б.Бейшеналиева жана башка көптөгөн көрүнүктүү чыгармачыл инсандар өсүп чыкты. Андыктан биз өз кезегинде союз катары түзүлгөн СССРге жана Россияга ыраазы болууга тийишпиз. Тактап айтканда, биз СССРден чыкканбыз.

– “Манастын 1000 жылдыгын” белгилөө менен Кыргызстан дүйнөлүк аренада кандай кадыр-барк топтой алдыбы?

– Мен каны-жаным менен кыргыз болгондон кийин баатырдык “Манас” эпосун окуп, “эненин сүтү” менен тарбиялангандыгым табигый көрүнүш жана аны мен өз жүрөгүмдө өмүр бою сактап келем. “Манас” эпосу кыргыз элинин улуттук символ болуп калган улуу чыгармасы. “Айкөл Манас” баатырдык эпосубуз 1946-жылы Москва шаарында көрүнүктүү советтик акын Семен Липкиндин жана башкалардын котормосу менен орус тилинде кооз чыгарылган. Ошол учурда “Манас” эпосунун миң жылдыгын майрамдоого даярдыктар көрүлө баштаган эле. Бирок совет доорунда идеологиялык өзгөрүүлөрдөн улам андай окуянын жүзөгө ашаары мүмкүн эмес эле.

Мен биздин активдүү кийлигишүүлөрүбүздүн аркасында БУУ тарабынан “Манас” эпосунун миң жылдыгын майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алган жылдарды жана “Манас” деген сөз бүткүл дүйнө жүзүнө тарагандыгын сыймыктануу менен эстеймин. Биздин байыркы элибиз кандай гана зор маданий жана руханий баалуулукту түзгөндүгүнө миллиондогон адамдар ишеништи. Кыргыздын улуттук духундагы бул улуу чыгарманы жайылтууда биз, албетте, республикабыз жаңы гана көз карандысыздыкты алган шарттарда элибизди мекенчилдикке тарбиялоо боюнча идеологиялык максаттарды алдыга койдук.

Бирок улуттук элитаны ал эпосту саясий максаттарга колдонуудан сактануу керектигин айткым келет. “Манас” эпосу элибиздин улуу поэтикалык чыгармасы катары кылымдар бою сакталып, байыркы замандардан бери келе жаткан биздин маданияттагы жетишкен, адилеттүүлүк жана эркиндик үчүн күрөшкөн чечкиндүү жылдарыбыздын күбөсү бойдон калып, улуттар аралык мамилелерди чыңдоого пайдубал болуп беришин каалар элем.

1995-жылы “Манастын” миң жылдыгын майрамдоодон кийин элибиздин духунун жана улуттук аң-сезиминин ойгонгондугу жөнүндө сөз кылуунун зарылдыгы деле жок. Мунун бардыгы азыр элибиздин зор жетишкендиги болуп калды.

– БУУ менен биргеликте, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстандын 2200 жылдыгын белгиледиңиз. Мындай тарыхый чоң ишти жүзөгө ашырууда кандай аракеттер иштелди?

– Советтик доорго чейин орустун окумуштуу чыгыш таануучулары кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн байыртадан эле пайда болгондугун белгилешкендиги жөнүндө эске салуу адилеттүү болор эле. Совет доорунда академик В.Бартольд “Улуу кыргыз мамлекетинин” мезгили жөнүндө белгилеп, кыргыздар Памирден Байкалга чейинки зор мейкиндикке көзөмөл жүргүзгөндүгүн айткан. Тан династиясынын кытай императорлору ошол мезгилдерде өзүнүн түндүк коңшусуна ачык сый-сыпат көрсөтүп турушкан. Бул темада кытай архивдеринде көптөгөн документтер бар жана өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Цзянь Цзэминь ал документтерди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү да буйругандыгы белгилүү.

Улуттук тарыхыбызды иликтөө менен орус жана кытай тарыхчыларынын эмгектерине таянып, биз жаңы доорго чейинки экинчи кылымда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайда болушунун тарыхый фактысын далилдей алдык. Ал бүгүнкү күнгө чейин жыйырма эки кылымды түзөт. Байыркы кытайдын улуу тарыхчысы, “кытай Геродоту” катары белгилүү болгон Сыма Цянянын биздин доорго чейин II кылымда түзүлгөн Тянь-Шань кыргыздарынын мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү жазуулары өзгөчө роль ойноду. Сыма Цянян биздин доорго чейин 201-жылы байыркы кыргыз этносу жана анын мамлекеттүүлүгү жөнүндө “митирке” жазып калтырган сыяктуу. Ошентип, Сыма Цяняндын байыркы кытай летописиндеги жазуулары кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын тастыктаган башкы документ болуп калды. Биз ошондо БУУга кайрылган элек. БУУнун генералдык Ассамблеясынын 57-сессиясында биздин мамлекеттүүлүк жөнүндөгү тыянагыбыз таанылып, 2003-жыл “Кыргызмамлекеттүүлүгүнүн жылы” деп жарыяланган. Бул өзгөчө окуя болду, анткени Кыргызстан кечээ эле пайда  болгон мамлекет эмес, ал байыркы жана өткөндөгү даңктуу тарыхы бар мамлекет экендигин кеңири коомчулук тааныды. Бул биздин дипломатиялык чоң жеңишибиз болгон. Ошону менен эле катар ал Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктагы демократиялык кадыр-баркынын өсүшүн күбөлөндүргөн.

Саны жагынан аз элдер өзүнүн өткөндөгү даңктуу турмушунан күч-кайратка келип, келечекке ишеним ала тургандыгы дүйнөлүк тарыхтан улам жакшы белгилүү. Ошондуктан өткөн 90-жылдары биздин эл депрессиялык абалда болсо да өзүнүн даңктуу тарыхый мурасына кайрылып, улуттук кайра жаралуу программасын турмушка ашырууну баштаган. Буга “Манастын” 1000 жылдыгын (1995-жылы) жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын (2003-жыл) БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечимдери менен эл аралык кеңири колдоосу аркылуу майрамдоо ачык далил болуп калды. 1995-жылы БУУ тарабынан “Айкөл Манастын жылы” деп, ал эми 2003-жылы – “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы” деп жарыяланган. Мындай окуя Кыргызстанга жана кыргыздардын дүйнөлүк коомчулуктагы тарыхына, Кыргызстандын элинин болуп көргүс руханий көтөрүлүүсүнө карата өзгөчө зор кызыгууларды пайда кылбай койгон жок. Мунун бардыгы элдин депрессиялык абалдан чыгып кетүүсүнө жана мамлекеттик курулушту жандуу баштоого өбөлгө түздү.

– Сиз Президент учуруңузда түндүк-түштүк мамилесин чечүү максатында Ош-Бишкек жолун салдырдыңыз эле. Азыркы учурда түндүк-түштүк мамилеси ойдогудой болбой, алиге чейин бөлүнүүлөр орун алып келет. Дегеле, түндүк-түштүк мамилесин оңдоодо кандай иштер керек?

– Кыргызстандын Түндүгү менен Түштүгү кылымдар бою тынчтыкта жана ынтымакта жашап, кыргыз мамлекеттүүлүгүн биргелешкен күч-аракеттер менен сактап жана чыңдап келишкен. Бирдиктүү өлкөнүн эки бөлүгүнүн ортосуна жарака келтирүү аракети дайыма саясий мүнөздө болуп келген жана жеке кызыкчылыктар гана көздөлгөн.

Мен президент катары иш алып барган жылдары Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого туруктуу багытта иш жүргүздүм. Ош шаары Кыргызстандын түштүктөгү экинчи борбору деп жарыяланды, бир катар жаңы университеттер, ошондой эле республиканын Илимдер академиясынын Түштүк бөлүгү ачылды. 2000-жылы ЮНЕСКОнун чечими боюнча биз Улуу Жибек жолундагы байыркы маанилүү соода жана маданият борбору болуп эсептелип келген Ош шаарынын 3000 жылдыгын салтанаттуу белгиледик. Түштүктө билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият чөйрөсүн өнүктүрүүгө ири аракеттер жасалды. Өлкөнүн түндүгүн жана түштүгүн ишенимдүү бириктирген Бишкек-Ош автоунаа жолунун курулушуна стратегиялык маани берилди, бул Борбордук Азия регионундагы бардык өлкөлөр үчүн Кытайга тикелей чыгууга жана бүтүндөй трасса боюнча он миңдеген жумуш орундарынын түзүлүшүнө шарт түздү. Бул жолдорду курууга жеңилдетилген кредиттерди алуу үчүн биз Улуу Жибек жолунун кыргыз участогунун кайрадан жандандырылышын негиз катары далилдедик. Ошондон улам Япониядан жана Азия өнүктүрүү банкынан өтө жеңилдетилген кредит алууга жетише алдык. Ошол кезде биз кабыл алган чаралар өлкөнүн түштүгүнө жаңы демилгелердин берилишине өбөлгө түзүп, анын түндүк менен бириктирилишин шарттады. Биз жаңы жүз жылдыктын башталышына болуп көрбөгөндөй бириккен ынтымактуу улут катары кирдик деп айтуудан коркпоймун.

Бүгүн мени, ошондой эле менин көптөгөн мекендештеримди региондор аралык мамилелерде болуп жаткан карама-каршылыктар өтө тынчсыздандырат. Түндүктүн жана түштүктүн биримдиги – бул Кыргызстан үчүн жалпы улуттук өтө маанилүү маселе. Региондордун ортосундагы карама-каршылыктар жана чыр-чатактар бүгүн Украинадагыдай жарандык согуштарга чейин алып келиши мүмкүн. Саясий элитанын ичиндеги талаш-тартыштардын натыйжасы өз ара келишпестиктин, жалпы улуттук кызыкчылыктарды көз жаздымында калтыруунун жыйынтыгы экендигин баары көрүп турат. Эки революция жана жарандык согуш иш жүзүндө Украинаны кыйроо чегине чейин жеткирди, ал эми Украина кезегинде СССРдин курамындагы эң күчтүү жана өсүп-өнүккөн республика эле.

Түндүк менен түштүктүн саясий жана чыгармачыл элиталары тынчтыкта бирге жашоо жана Кыргызстандын жалпы келечеги үчүн жалпы максаттарга биригүү менен аракеттенүүгө тийиш. Жалпы улуттук кызыкчылыктар кыйшаюсуз жана эң жогорку артыкчылык болуп калуусу зарыл. Албетте өлкөнүн жетекчилиги тарабынан акыл эстүү саясат талап кылынат. Мен биздин элибиздин акылмандыгы менен мындай тагдыр чече турган иштерде бардык күт-аракеттерин жумшоо менен иш алып барышат деп ишенемин.

– Эмнегедир менин байкоомдо, 2005-жылдан кийин Кыргызстандын эл аралык мамилелери, биринчи кезекте коңшу мамлекеттер менен болгон алакабыз өтө солгундап кетти. Коңшу мамлекеттер менен мындай салкын мамленин келип чыгышына эмне себеп болууда?

– Белгилүү болгондой, туугандарды жана коңшуларды тандап албайт. Алар тагдырга жараша берилет. Жогоруда айтканымдай, биз өз мезгилинде улуу Россияга бириккен СССРден чыкканбыз. Ошондуктан Кыргызстандын тышкы саясатынын башкы жана кыйшаюсуз артыкчылыгы Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай менен достукту жана ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо болушу абзел. Айлана-чөйрө менен достукта болуу – бул Кыргызстандын коопсуздугу жана анын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн тикелей шарт болуп саналат.

Тынчтыкта жана ынтымакта жашоонун мурдатан бери келе жаткан зарылчылыгына жараша биздин аймактык жалпылыгыбыз кең пейил коңшулар менен бирге бир тууган эл катары бүтүндөй регионду бириктирген чечүүчү дагы бир көйгөй – бул коопсуздук, суу-энергетикалык өз ара аракеттер, өз ара соода жүргүзүү жана башка бир катар маселелер болуп саналат. Борбордук Азия республикаларынын жетекчилери талантуу инсандар, татаал өткөөл мезгилдерде мамлекеттик башкаруунун акылман тажрыйбасына ээ адамдар. Кыргызстандын жетекчилиги үчүн алар менен ишенимдүү мамилелерди орнотуу өтө маанилүү, бул Кыргызстандын алдында турган көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүүгө көмөктөш болот.

1990-жылдары кыйынчылык учурунда Н.Назарбаев жана И.Каримов сыяктуу жетекчилердин бизге ар дайым жардам көрсөтүп келген учурларын, ал эми өзүбүз Э.Рахмонго Тажикстандагы жарандык согушту токтотуу боюнча жардам берген жылдарды канааттануу менен эстеймин. Коңшулар менен достук, ишенимдүү мамилелерди бекитүү көп деле күч аракеттерди талап кылбайт. Бирок ал көп эселеп үзүрүн берет.

– Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болгонуна 23 жыл толду. Ушул 23 жылдан өлкө өзүнө кандай сабак алышы керек?

– Даңктуу байыркы тарыхы жана эки миң жылдык улуттук мамлекеттүүлүгү бар кыргыз элинин жыйырманчы кылымдын аягында мамлекеттик көз карандысыздыкты кайрадан алышы эң башкы нерсе. Мамлекеттик көз карандысыздык бул улут катары өзүн сактоо, бүтүндөй элдин кайталангыс мүнөзүн жана сапатын жоготпоо, ошону менен дүйнөлүк маданияттын жалпы мурасын өзүнүн салымы менен көбөйтүү мүмкүнчүлүгү. Кыргызстандын саясий элитасынын алдында ыйык милдет – мамлекетти көздүн карегиндей сактоо милдети турат. 2010-жылы апрель жана июндагы кандуу окуялардан кийин өлкө жок болуу коркунучунда турган. Бирок мамлекеттик көз карандысыздык Ала-Тоо жерине түбөлүккө орноду деп ишенгим келет.

Эсте сактай турган экинчи дагы бир сабак – бул революциялык, көчө демократиясы жана мамлекеттик төңкөрүш жолу аркылуу бир дагы мамлекеттик көйгөйдү чечүүгө болбой тургандыгын, элдин турмуш шартын жакшыртууга мүмкүн эмес экендигин көрсөтүп турат. Муну 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштүн кесепеттери даана көрсөттү. Революцияларды жана мамлекеттик төңкөрүштөрдү эреже катары криминалдык күчтөрдүн жардамын колдонуу менен дегеле ишке ашпай турган популисттик чакырыктарга таянган саясий авантюристтер жасашат. Жыйынтыгында алар өз элине көп кесепеттерди жана орду толгус кайгы алып келишет. Постсоветтик мейкиндикте Грузиядагы жана Украинадагы “түстүү революциялар” ал өлкөлөрдүн элин узакка созулган кризистик кыйноолорго тушуктуруп, аларды көптөгөн жылдарга экономикалык өнүгүү жолунан адаштырды. Демократияны өнүктүрүүдө зордук-зомбулуктарды колдонуу кандай гана учур болбосун кайгылуу аяктай тургандыгын көрсөттү, мындай мисалдар акыркы он жылда бүткүл дүйнө жүзү боюнча көп болуп жаткандыгы байкалууда.

Өзүмдүн президенттик ишимде карманган башкы багыт бул – “Туруктуулук жана эволюция – революциядан жакшы” деген принцип. Социалдык-саясий стабилдүүлүктөн жана туруктуу өнүгүүдөн улам өлкөбүз алгачкы он жылдан ашуун мезгилдин ичинде алдыга бир далай жылды. Биздин адамдар келечекке ишенимдүү карап калышты. Республика дүйнөлүк коомчулукка тең ата даражасында кирди. Бирок 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш бул демократиялык процесстердин ишенимдүү эволюциялык өнүгүшүн үзгүлтүккө учуратып, укуктук жана моралдык уңгуларга кайталангыс залал келтирди. Өлкөнүн экономикасы ондогон жылдарга артка кетти. Эгерде 2004-жылы Кыргызстанда калктын жан башына эсептелген киреше коңшу Тажикстанга караганда эки эседен жогору болгондугун эске алсак, бүгүнкү күндө Тажикстанда жан башынын кирешеси Кыргызстандан жогору. Туруктуу өнүгүүнүн баасы мына ушундай.

Бакиевдин режими алып келген башкы кайгы кыргыздын улуттук организмине зордук-зомбулук, өз билгенин жасоо, саясий жана укуктук нигилизм вирусун жуктуруу болуп саналат. Өзүм билемдикке жана криминалды колдоого таянып алып, көчө ыкмасы менен мамлекеттик курулуштун ар түрдүү маселесин чечүүгө мүмкүн экендигине ишенип алуу жаралды. Бакиевдин өзү ошол вирусту алып жүргөн адам болгон. Ошондуктан бийликке келээри менен ал адегенде эле өзүнө жолтоо болгон саясий атаандаштарды атуу, журналисттерди коркутуу, баш ийбегендерди жок кылуу, өрттөө сыяктуу жол менен активдүү оппозицияны саясий жана маалыматтык талаадан тазалоо менен алектенди. 2005-жылы аны такка отургузган өзүнүн бардык пикирлештерин керектөөдөн чыгарды. Бардык эркиндикти акырындап жок кылды. Ошентип Кыргызстан аз эле мезгилдин ичинде укуктук мамиле болуудан калды. Ал эми анын түптөлүшүнө биринчи көз карандысыздыкты алган ондогон жылдары жана эбегейсиз күч аракеттер жумшалган.

Үчүнчү сабак – этникалар аралык чыр-чатактарга жол бербөө, бул чөйрөдө көйгөйлөрдү өз учурунда жана дыкат чечүү болуп саналат. 1990-жылдын кыйын кезеңдеринде биз андай сабакты өз башыбыздан өткөрүп, 1990-жылы кайгылуу Ош окуяларынын кесепеттерин четтетүү үчүн көп күч аракет жана каражат жумшадык. Мен улуттар аралык мамилелер боюнча көйгөйлөрдү дайыма чечүүчү көйгөй деп эсептеп келгенмин жана аны үчүн убакытымды жана күчүмдү да аяган эмесмин. “Кыргызстан биздин жалпы үйүбүз” деген доктринага ылайык так аракеттер программасын иш жүзүнө ашыруу оң натыйжаларды берип, этникалар аралык макулдашууну чыңдоо иштеринин жакшырышына алып келди. ОБСЕнин улуттук азчылыктардын иштери боюнча Жогорку комиссары, он жылдын ичинде Кыргызстанга 13 жолу келген мырза Ван дер – Стуул Кыргызстан этникалык ынтымакты сактоо боюнча улуттук саясат жүргүзүүнүн үлгүсү катары кызмат кылат деп көп жолу айткан эле. Ал этапта “Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын” оң ролун да баса белгилей кетким келет.

Бакиев башкарган мезгилде улуттук доктрина жок болгон. Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт да улуттар аралык мамилелерге маани берген эмес. Жыйынтык күттүрбөй келди. 2010-жылы июнда жаңы кайгы башталып жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кетти. Бул мезгилде саясий элита бийликке жетүү үчүн гана алектенип элге камкордук жасоодон четтеп калды. Улуттар аралык мамиле туруктуу жана кыйшаюсуз көңүл бурууну талап кыла тургандыгын дагы бир жолу айтып турат.

– Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында июнь окуяларынан кийин Кыргызстанда улутчулдук маанай өсүп кеткени айтылып келатат. Бул боюнча ар кандай пикирлер болууда. Дегеле Сиздин оюңузча улутчулдук Кыргызстанга керекпи? Керек болсо кандай улутчулдук керек?

– Жетимиш жылдан бери планетада жүрүп жаткан глобалдаштыруу дүйнө жүзүн бир “жалпы айылга” айлантты. Ошондуктан, 21-кылымда улутчулдук – бул кандай гана улут болбосун анын ийгиликтүү өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө жолтоо болот. Белгилүү орус философу Бердяев айткандай, аз элдердин улутчулдугу өз казанында кайноо жана өзүм билемдик болуп саналат. Бүгүнкү күндө кыргыз элинде мындай өз казанында кайноо жана өзүм билемдиктерге себептер жок.

Элдердин өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн жана өз алдынчалуулугун баса белгилөөгө аракет кылышы, мекенчилдиги – башка иш. Бул жакшы. Мисалы, улуттук тарыхы менен сыймыктануу, аны жайылтуу жана элдин маданий баалуулугун билүүгө не жетсин. Буга байланыштуу, мен өлкөбүздүн маданий турмушунан мындай бир эпизодду эстеймин. Биздин көрүнүктүү музыкантыбыз жана дирижерубуз Асанкан Жумакматов 1979-жылдары Ленинградда К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестри менен элдик музыка боюнча гастролдук концерттерди берген. Кыргыздын элдик музыкасы аткарылып жатканда залдагылар жылуу, жөнөкөй отуруп кабыл алышты. Бирок комузчулар оркестри Моцарттын белгилүү “Рондосун” ойногондо залдагылар дүркүрөтө кол чабышты, ошентип улуу маэстро Жумакматов кыргыз комузу скрипка менен тең тайлаша тургандыгын көрсөттү. Бул дагы пайдалуу жана керектүү улутчулдуктун бир мисалы. Улуу Альберт Швейцер: “улутчулдук – бул өзүнүн кең пейилдигин жоготкон мекенчилдик” деп айтканы эсимде. Ал эми кыргыз эли баарыдан мурда өзүнүн кең пейилдиги менен даңкталган, кыргыз эли баатырдык эпосубуз “Айкөл Манас” аркылуу даңкталып келет. Эгерде биз XXI кылымда дүйнөлүк улуттардын арасынан туруктуу ордубузду тапкыбыз келсе анда биздин элде улутчулдукка орун болбоого тийиш.

– 2005- жылдан бери карай Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөр болдубу?

– Мен өзүмдүн мекеним Кыргызстанда ар бир күнү, ар жылы оң өзгөрүүлөрдүн болушун жан дилим менен каалаймын. Бирок андай болушу үчүн аларды өз көзүм менен көрүүгө тийишмин. А мен болсо 9 жылдан бери мекенимде боло элекмин. Ошондуктан 2005-жылдан кийин кандай оң жана кандай терс жактардын болгондугун айтуу мен үчүн кыйын.

– 2005-жылдын мартындагы окуялар болор алдында, Курманбек Бакиев мамлекетти башкарууга бышып жетилген чак беле? Эгерде бышып жетилген, Президенттике татыктуу талапкер болгондо, 2010-жылкы кан төгүүлөр болбойт беле?

– Бакиев өлкөнү башкарган жылдары эл алдында өзүн “бардык терс жактарын” көрсөттү. Эл аны толук түшүндү, ошондуктан мен ага мүнөздөмө бергеним артыкча болоор. Ал эми кан төгүү маселесине келсек, аны сөзсүз болтурбай коюуга болоор эле.

2005-жылдын мартында мен демократиялык жана гумандуу ынанымдарыма жараша адам курмандыктарынан качуу үчүн кандай гана шарттарда болбосун адамдарды атпоону буйруп, эч кандай бийлик адамдын бир тамчы да канына арзыбай турганын айтып, президенттик постумдан ыктыярдуу баш тарттым. А Бакиев болсо өлкөнү башкара баштаганда эле Акаевден айырмаланып, өзүнүн бийлигин автомат менен коргой тургандыгын эскерткен. Ошондуктан 2010-жылы апрелде Бакиев 80ден ашуун адамды курмандыкка чалып, курал колдонууга буйрук бергендиги таң калаарлык эмес. Борбордогу апрель окуясы кийин июнь окуясына айлануу менен республиканын түштүгүндө этникалар аралык кандуу чыр-чатактардын кесепетинен жана Отунбаева башында турган Убактылуу Өкмөттүн шалаакылыгынан бир нече жүздөгөн адамдардын курман болушуна алып келди.

– Кыргызстан мурда эл аралык уюмдар менен алакаларга басым жасап келген болсо, азыр регионалдык уюмдардан көбүрөөк пайда таап жаткандай. Алсак, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдөн утушка ээ болот деп ойлойсузбу, же?..

– Мен жогору жакта айткандай, 70 жылдан бери дүйнөдө жүрүп жаткан глобалдаштыруу бүгүнкү күндө жаңы мамилелерди талап кылып жатат. Глобалдаштыруунун мыйзам ченемдүүлүгүнүн дагы бир жагы – анын терс таасиринен качууга шарт түзгөн регионалдык интеграция болуп саналат. Ошондуктан бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бир дагы өлкө регионалдык кооперацияга катышпай туруп ийгиликтүү өнүгө албайт. Демек, Кыргызстан Бажы Бирлигине кирүү менен туура кадам шилтеп жатат. Бул мезгилдин талабы. Бажы Бирлиги бүгүнкү күндө көп потенциалдуу өнүгүү багыты бар мамлекеттер аралык кызыктыруучу бирикме болуп калды. Кыргызстандын Бажы Бирлигине кириши өлкө үчүн көп артыкчылыктарды алып келет жана анын экономикасынын кризистик абалдан чыгышына өбөктөш болот.

Ал эми Бажы Бирлигине кирүүдөн улам болуучу позитивдүү жыйынтыктар Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан туура курулган саясий интеграцияга көз каранды. Ал автоматтуу түрдө пайда болот деп ойлогонго болбойт. Көпчүлүк бажы бирлигине кирсек кыргыздар үчүн бардык “байгерлик жашоо” болот деп ойлошот. Бирок аларды эмгек менен иштеп табуу керек. Бир жагынан алганда, бажы “үчилтигинде” дайыма митингдерден башы чыкпаган тынчы жок жана туруксуз кыргыздар Бажы Бирлигин төмөн тарта турган жүк болуп калбайбы деген маселе келип чыгышы мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстандын саясий элитасы, өлкөнүн саясий жетекчилиги келечектеги Бирликте Кыргызстандын туруктуу жана үзүрлүү өнүгүшүн кантип камсыз кыла тургандыгы жөнүндө олуттуу ойлонууга тийиш.

Булак: “Майдан.kg