зөөкүр

Ализа он экидеги тетик кыз. Тетиктиги ушунда, апасынын ар бир айткан сөзүн, апасы менен сүйлөшүп жаткан адамдын каш-кабагын байкап турат. Саал бирдеме болсо ошол замат атып жөнөчүдөй элтеңдеп, эки жакты каранып, кудум эликтин чаарчыгындай сак. Бала башында минтип бейкапар ойногондун ордуна чоңдордун сөзүн тыңшап, бир көңүлү ымыркай бөбөгүндө, бир көңүлү апасында эбелектеп, аларды көздөй келаткан коркунуч болсо, кичинекей көкүрөгүн тосо койчудай болгон көчөт кызды биз отурган бөлмөдөн эптеп чыгарганга көндүрдүк.

Көз жарганына он чакты эле күн болгон келин “үстүмдөгүлөрдүн баарын ушул кызым сатып берди”десе, андан бетер таң калдык. Үлпүлдөгөн түктүү халат, ага түспөлдөш жоолук, ичиндеги кофтанын баасы бир топ акчанын башын чапчый турганы белгилүү.

– Кантип? Ушу кенедей кызбы?

– Ооба, базарда отургандарга тамак ташыйт, коробка чогултат, – деди келин сыймыктангандай.

Мынча акча табыш үчүн канча ай иштеш керек?

– Таң ата электе кетип, түн киргенче жүрөт.

– Өзүңчү? Иштечү белең?

– Боюма бүткөндөн тарта иштеген жокмун. Күйөөм “төрөбөйсүң” деп урганынан төрөйүн дегем.

Канча балаң бар?

– Жаңы төрөлгөн кызым менен төртөө…

– Берки балдарың кайда?

– Балдарды коргоо борборунда.

– Төрттү төрөсөң да чатагыңар басылган жокпу?

– …

Жыл жаңыраар алдында “Сезим” кризистик борборуна зомбулуктан жабыркадым деп тестиер кызын жетелеп келген кош бойлуу келинди ошол түнү “Тез жардам” алып кеткен. Эч жерде каттоосу жок, кош бойлуу кезинде врачтын көзөмөлүндө болбогон келиндин абалы борбордун кызматкерлерин кыйла тынчсыздандырды. Бир жума дегенде доктурлардын арбын аракети менен аман-эсен көз жарып, эми минтип муңканып отурганы.

– Күйөөмдүн кусаматы бала деле эмес экен. Жөн эле шылтоолоптур. Балдарым десе, жок дегенде Жаңы жылда келбейт беле. Кызым аябай күттү. “Ата, биз сизди сагындык. Бөбөгүмдүн атын сизди коет деп күтүп жатабыз” деп  телефондон билдирүү жиберсе да жооп берген жок. “Болду, эми келбей эле койсун, экинчи мени кызым дебесин, бөбөктү көрсөтпөйм” деп жатат… Мунун баарын кылган кайын энем. Башында эле биздин үйлөнгөнүбүзгө каршы болчу. Күйөөм башында эжесинин кызына үйлөнөйүн десе, там басып калып, буту сыныптыр. “Кой, тууганга үйлөнгөнгө болбойт экен, Кудайга да жакпай жатат” деп шаарга келишиптир. Энеси жол жээгинде семичке сатып, өзү бензин куйган жерде иштечү. Мен ошол жерге жакын базарда соода кылчумун. Таанышып, жакшы мамиледе болуп калганыбызда үй-бүлөсү жөнүндө айтып берип, энесин жамандачу. Көрсө, энеси бир жарым айлык кезинде күйөөмдү таштап салып, башка күйөөгө тийип кеткен экен. “Балдарымды эч качан таштабайм” деген сөзүнө ал турган жок. Акчасы аз кезде кайын энемдердин биз менен иши деле жок болчу. Кийин евроремонт жасаганды үйрөнүп, көп акча таба баштагандан тартып, “сени менен жашатпайм” дегенге өттү. Акчасын үй-бүлөсүнө эмес, энесине алып барышы керек болду да. Өзүнүн да ичкени көбөйдү, нашаа чеге баштады. Үйгө досторун алып келип, бизди кандай башкараарын көрсөтүп, концерт койчу.

Таң аткыча арак ичип, тамеки тартып, карта ойношот. Үйтөлөктөй үйдү үч көтөрүп, сөгүнүп, сагынып, уйку беришпейт. Бирдеме десең бычакты ала коюп, балдарды төшөктөн тургузуп, “карап тургула, мен азыр апаңарды мүчөлөйм” – дейт. Балдарым бакырып ыйлап, кызым бутунан кучактап, “Ата, өлтүрбөй эле койчу!” – деп жалынат.

Мунун баарын карап отурган достору “Эй, эрдин баркына жетпеген неме менен ажырашып эле кет, мына, мен деле беш бала менен ажырашпадымбы” – деп ого бетер шыкакташат. “Көчөдө калтырам, рекетке салып берем, кескилеп таштайм” деген менен таң атат. Балдар түнү менен уктабай, менин колтугума тумшуктарын катып, калтырап отурушат.

Ошону менен жоголуп кетет. Такыр болбой калганда апама телефон чалам. Ал 3 миң сом пенсиясынын 2 миңин бизге салат. Мындан аркы жашоонун кандай болоорун элестете албайм…

Мындай баянды “Сезим” борборундагылар “классикалык жанр” деп коюшат. Адатта араздашкан үй-бүлөлөрдүн таржымалын “тараптардын” ар бири ар башкача айтышат. Беш, он жылдап ичтен зилдеген жара оркоюп, акыры үйдөгү “майдан” чегине жетет. Бул жаңжалда эрди-катын бирин бири жеңип чыгуу үчүн эч нерседен “аянышпайт”. “Сени сызга отургузбасам элеби!” дегенден тартып “өлтүрүп, күлүңдү көккө сапырамга” чейин жетишет. Мындай учурда ортодогу бала ойго да келбейт. “Бала үчүн чыдап жүрөм, бала деп жашап жүрөм” дегендер “салгылаш” учурунда ортодогу чырылдап жаткан баланы көзгө илишпейт. Ошентип, үйдөгү “драмадан” баланын психикасына оңбогондой залал келип, олуттуу жаракат алганын экөө тең байкашпайт.

 Окумуштуулар ушундай психикалык жараат алган балдарда сыртынан билинбегени менен түркүн өзгөрүүлөр болоорун өз иликтөөлөрүндө белгилешет. Башкасын айтпаганда да мээнин кыртышы жыйрылып, ичиндеги химиялык түзүлүшү өзгөрөт экен.

Ата-энесинин араздашуусу, ажырашуусу балдарды айрыкча тынчсыздандырып, буга өздөрүн күнөөлүүдөй сезишет. Ой-санаалары бүт бойдон үйдөгү “аба-ырайына” бурулуп, коркуу, кыжаалат болуу сезимине чөмүлгөн балдардын окуусу начарлап, кабыл алуу жөндөмү начарлайт, дайыма кыжалат болгон абал баланы жүдөтүп, чүнчүтүп жиберет. Натыйжада, тамакка табити тартпай, ашказан, астма, тери оорулары,талма сыяктуу илдеттер пайда болот.

Ушундай “үлүш” он экидеги Ализага тийгени кандай өкүнүчтүү. Акчасын талаага чачып, чиедей балдарын көчөдө калтырган атасы да, ”ушуну кызым таап келди” деп кабыргасы ката элек кызын түйшүккө салып коюп, эртеңкиден беймарал отурган апасы да азырынча бечара кыздын тагдырын ойлошкон жери жок. “Башы ордунда, буту басып жатат, баары жайында, турмушка ушинтип эртелеп бышсын таризинде экөө тең өз көйгөйлөрү менен алек. Бири “эркек болгондон кийин табышы керек, багышы керек” – десе, бири “аял болгондон кийин…” дешет. Бирде урушуп, бирде табышкан ортодо “капыстан” жаралган жаңы наристелер төрөлүп, үйсүз-жайсыз, ден соолуксуз, келечексиз, жаштайынан ызалуу, муңдуу, жаны ачынган жаңы муун жаралып жатат.

Сүйүн Курманова