картртшка себүү

Араван  районуна  жаз эрте  келет. Кышы   жумшак, жазы ысык аймактын  дыйкандары  жыл бою күнөсканаларда  жашылчаларды  өстүрүп,  элдин дасторконуна тартуулашат. Базарда  сатылып  жаткан  баасы  140-150 сом  помидор  менен  бадыраңды  күнөсканада (дыйкандар алып  сатарларга дүңүнөн  90 сомдон өткөрүшөт)  өстүрүп- жетилтүүнүн   машакаты  күч.  Ошого  карабастан, райондогу  стандарттуу  күнөсканасы  бар  20 чакты дыйкан жылына 180-200 сомго чейин киреше  табышат. Тепе-Коргон, Уйгур-Абат, Бостон  жана Жаңы-Жол айыл аймактарындагы  дыйкандар көп жылдар  бою  күнөсканаларда  жашылча өстүрүп, бай тажрыйбага ээ  болушкан. Алар экен капуста бүгүнкү күндө  эки-үч кулак болуп,  массалык  түрдө жерге  эгиле баштады. Картошканын да үрөнүн жерге эгип, үстүнө пленка жаап,  күн ысыса ачып таштап, күн жааса, сел менен добулдан  сакташ  үчүн   кайрадан  үстүн  жаап, түмөн  түйшүгүнө чыдап  бышырышат.  Бүгүнкү күндө   отургузулган  күнөсканадагы  көчөттөр  майдын башында бышып, базарга чыгарылат.

Ризван ИСМАИЛОВА