поэзия1

Апам – менин асылым

Апакем – асыл дүйнө адамымсың,
Турмушка чыйыр салган кадамымсың.
Жан дүйнөм ыйык кармап, бийиктеткен,
Жалгыз сен, жашоомдогу самаарымсың.

Жаздыгыма

Жаздыгым эскириптир, оңду беле,
Ак кардай тоо боорунда болду эле.
Кыз сыры кылымдарга ачылбаган,
Кыялдар көп түндөргө толду эле.

Берметтей каректерден жаш кулаган,
Түн күзөп тагдыр салган убарадан.
Жолукпай кереметтүү эртеңки күн,
Тынч койбой, удургутуп кубалаган.

Эгиздей, бой көркүмдөй, сымбатымдай,
Кыялкеч жан курбумдай, сырдашымдай.
Турмушка кол байлатып эркелетээр,
Бактылуу адамымдай, кымбатымдай.

Болсо ээ, өмүр булут көчпөгөндөй,
Белгисиз таттуулуктан өтпөгөндөй.
Армандуу жылдар кетип ортодогу,
Сен жалгыз, мен да жалгыз өчпөгөндөй.

Сүйүү жамгыр

Жаады бүгүн сүйүү жамгыр, арзуу жамгыр,
Сүйүүгө суусагандын демин кандыр.
Жалгыздыкта караан болоор жүрөктөргө,
Арзуу от, ыйык сезим кошо жандыр.

Жаай берчи сүйүү нөшөр, сүйүү жамгыр,
Учурду эңсеген бир жан бардыр?!
Кайрылып даба болоор “жаралууга”,
Сүйүү жамгыр сүйүү болсо буйруп тагдыр.

поэзияБир өзүңө ыраазы болоюнчу

Жеңилим жерден, оорум колдон алган,
Сүйгөн жарым бактыма жаралган жан.
Тагдырга туш болгонуң бийик тураар,
Башкасын ыйык тутуп самагандан.

Жай берип, жаш балача эркелеткен,
Жар кылып тагдырымды жетелеткен.
Таалайыма багыт алган айкын кылып,
Бактымды күн нурундай себелеткен.

Махабатым, бактым сенсиң сүйгөн жарым,
Үзүлөмүн, аяйт сени күйгөн жаным.
Бир өзүңө багыштайын жан дүйнөмдү,
Келип турсун кучагыңдан сүйүү-жалын.

Азыгырылба байлыкка

Бар да болот, жок да болот адамзат,
Бул жашоого ошон үчүн жаралат.
Байлык, бийлик экөөсүн тең көтөрбө,
О адамзат, аның жарга такалат.

Ар дөөлөттөр ар адамга бир келет,
Келгени бул жашоо болот керемет.
Ач көздүктүн капасына камалып,
Көр дүйнөдөн башың жерге теңелет.

Дөөлөт келип, кетчү нерсе экенин,
Көңүлгө жат акыр түбүн эстегин.
Аруулукта ак жолуңдан адашпай,
Азгырылба, адамдыктан кетпегин!

Бишкегимдин ак шамы

Берекелүү жанат күндө ак шамы,
Илебине тартып досту, башканы.
Жаңырыктуу күндө келет шат күлкү,
Жаштык күндөй өмүр менен жаш, кары.

Байыр алган түбөлүккө жап-жаңы,
Атат күндө бейпилдиктин ак таңы.
Баарыбызга ырыскысын ыроолоп,
Жана берсин Бишкегимдин ак шамы,
Ата берсин Бишкегимдин ак таңы.

Динар Турдугулова