111
1 11

Быйыл ачыгын айтканда Кыргызстан үчүн абдан эле кыйын мезгил болду. Ошого карабастан Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев калайык калкты дүрбөлөңгө түшүрбөй, бир калыпта кармай алганы кубандырды. Дүйнөдө глобалдык тирешүү  орун алып жаткан учурда өлкөбүздү чайпалтпай  турганы үчүн ага рахмат айтканыбыз жүйөлүүдүр. Анткени, 1-декабрда  мамлекеттин тизгинин колго алып, жооптуу жүктү аркалап келатканына үч жыл толот. Бул кыска аралыкта Алмазбек Атамбаев эмнелерге жетишти, кандай ийгиликтери жана кемчиликтери бар деген суроо өзүнөн өзү жаралат экен. Тилекке каршы, үч жыл ичиндеги аткарылган иштердин баарын төмөндөгү кыска баян ичине батырууга мүмкүн эмес.

Азыр Кыргызстан үчүн эмне маанилүү? Албетте, жарык жана жылытуу маселеси биринчи орунда. Электр энергиясы тууралуу кеп кылсак, ордо калаабыз менен Ош шаарынынын электр түйүндөрүн модернизациялоо жүзөгө ашырылгандыгы өзгөчө кепке арзыйт. 2013-жылы “Датка” көмөк чордонунан тартылган жалпы узундугу 248,6 чакырымдык электр линиясы курулду. Энергетикалык көз карандысыздык маселесин Президент А.Атамбаев оңтою келген учурда нечен ирет кайталап айтканына да күбөбүз. 500 кВаттык жогорку чыңалуудагы “Датка-Кемин” көмөк чордону, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 237,7 мегаваттык Жогорку-Нарын ГЭСтеринин курулуп жатканы абдан кубанычтуу.

Күнүмдүк көйгөйлөргө карабастан “CASA-1000” долбоорунун алкагында 500 киловаттык “Датка-Ходжент” электр линиясы да курулууда.

Ал эми Бишкек шаарынын көзгө басаар жылуулук-электр борбору өзүбүздөн өндүрүлүүчү көмүрдү жагууга ылайыкташтырылууда.

Орусиянын “Газпром” ишканасы менен да узак мөөнөттүү келишим түзүлгөнү өлкө келечегин кыйла түздөдү десек болот. Орусиялык өнөктөштөр Кыргызстандын газ чарбасын калыбына келтирүүгө 20 млрд. рубль бермек болушту.

Мындан тышкары, кыргыз гидроэнергетикасынын флагманы эсептелген Токтогул ГЭСинде кайрадан калыбына келтирүү иштери башталды. Ал оңунан чечилсе, ГЭСтин өмүрү бери дегенде дагы 30-40 жылга узарат.

Кечээ жакында Швейцариянын Президенти жергебизге келип кетти. Бул өлкө аркылуу Европадагы жүктөрдүн 50%ы ташылат экен. Демек, Кыргызстанда да транзиттик жүк ташуулар, дегеле өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн жол каттамдарын өркүндөтүү зарыл экендиги дагы бир жолу аныкталды.

Бул кептин далили катары быйыл альтернативалык “Түндүк-Түштүк” жолун куруу башталгандыгын айтсак болчудай. Эгер аяктаса, ортодогу аралык 200 чакырымга чейин кыскарат. Азыр мындай магистралдык жолдордон тышкары ар бир район жана шаарларда да жолдорду калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.

Быйыл өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын көлөмү акчалай түрүндө 266 млрд. 614,4 млн. сомго жетти. Республикабыздын жалпы кирешеси 2,1 эсеге өскөндүгү белгилүү болду.

Быйыл республикалык бюджет гранттарды кошуп эсептегенде 2009-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге көбөйдү. 9 ай ичинде бюджетибиздин киреше бөлүгү 82,7 млрд. сомго жетти. Жалпысынан акыркы 5 жыл аралыгындагы киреше 52 млрд. сомго арбыды жана азыр көрсөткүч 100 млрд. сомго жакындады.

Албетте, туруктуу өнүгүүнүн негизги өзөгү өлкөгө инвестицияларды тартуу менен байланышкан десек туура болоор. Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун келиши үчүн кыйла жагымдуу шарттар түзүлгөн.

Бүткүл дүйнөлүк Банктын отчетуна таянсак, инвестиция тартуу жагынан Кыргызстан быйыл кыйла алдыга озгону белгилүү болду. Маселен, биздин өлкө Түркия менен Кытайдан да алдыга чыкты. Глобалдык атаандаштык жагынан азыр дүйнөдө 121-орунда экенбиз.

Ушул тапта өлкөбүздө 11617,9 млрд. сомдук 77 долбоор жүзөгө ашырылууда. Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы карыздарын төлөө боюнча көп иштер аткарылгандыгын белгилей кетүү зарыл. Орусия Федерациясы 489 млн. доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды кечти. Бул карызды 2049-жылы төлөп беришибиз керек эле. Түркия мамлекети болсо 49,2 млн. карызынан баш тартты.

Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү элет жеринде жашаары баарыбызга маалым. Ошондуктан, айыл чарбасын өнүктүрүү экономикалык жана социалдык зор милдеттердин бири болуп саналат.

Быйыл элеттик фермер, дыйкандарга 5 млрд. 175 млн. 772,8 миң сомго кредиттер берилди. Мындай мисал өлкө тарыхында буга чейин эч убакта болгон эмес.

Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында жыл сайын 10 миң гектар жер аянттарын пайдаланууга киргизүү каралган. 2017-жылга чейин 50 миң гектар жер сугат аянттарына айлантылат. Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу максатында ушул тапта 14 үрөнчүлүк чарбасы иштеп жатат. Ал эми асыл тукум малдарды өстүрүүчү чарбаларды өнүктүрүү үчүн 3 млн. 409 миң долларга 407 даана техникалар бөлүнгөн.

2012-жылы Кыргызстандын

Өкмөтү Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүү боюнча өз ниетин билдирген. Быйыл май айында Астанада өткөн төрт мамлекеттин президенттеринин Кең­ешинде Кыргызстандын Жол картасы бекитилди. Аны даярдоого үч жыл убакыт кетти. Мындай интеграциялык аракеттер акыл калчап, жети өлчөп бир кескен кыйла ойлонууну талап кылганы шексиз.

Албетте, Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү бир топ эле чектелүү. Ошондуктан, уставдык капиталы 500 млн. долларлык кыргыз-орусиялык өнүгүү фондун түзүү каралган. Ал боюнча Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда эки тараптуу келишим түзүлүп, кол коюлганын газетабыздын өткөн санында маалымдадык. Анын алгачкы 100 млн. доллары 31-декабрга чейин Кыргызстандын эсебине түшөт. Фонд каражаттары негизинен Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. Жол картасын жүзөгө ашыруу үчүн Орусия Федерациясы кошумча 200 млн. доллар өлчөмүндө каражат бөлүүдө. Ал эми Президент Алмазбек Атамбаев Астанага расмий сапар менен барган учурда Казакстан биздин Жол картабызды колдоого 100 млн. доллар бөлүүгө даяр экендигин айткан. Глобалдык экономика шартында ар бир мамлекет жеке өз алдынча өнүгө албастыгы анык. Андыктан, Кыргызстан интеграциялык аракеттерди дайыма жактап келген. Биринчи кадамдар оңой болбостугу айтпаса да түшүнүктүү. Туура жүргүзүлгөн саясаттын негизинде калкыбыз да мамлекеттин алган багытын колдоп жатканы кубандырат. Элибизде интеграциясыз өнүгүү болбойт деген ишенич болгону кубандырат.

Чынында тышкы саясат маселеси тууралуу айтыш абдан кыйын. Бирок, Алмазбек Атамбаев өзүнүн чебер дипломат экендигин далилдей алды. 2012-2013-жылдары биздин өлкө түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине, Жамааттык коопсуздук боюнча келишим жана Шанхай кызматташуу уюмуна төрагалык кылды.

Бишкекте бир нече саммиттер өткөрүлдү. Ал эми 2012-жылы 8-ноябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясында Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул окуяны БУУга мүчө болгон 20 жыл аралыгындагы Кыргызстандын чоң жетишкендиги деп айтууга негиз бар.

Быйыл 8-14-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Көчмөн калктардын дүйнөлүк биринчи оюндары өткөрүлдү. Мамлекет башчыбыздын демилгеси Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын жетекчилери тарабынан чоң колдоо тапты.

Албетте, тышкы саясаттагы аракеттер жөн эле сый-сыпат үчүн жасалбашы керек. Президент Алмазбек Атамбаев ар кандай сүйлөшүүлөр жана визиттер учурунда көп маселени тартынбай ачык айткан чечкиндүүлүгү үчүн  колдоого арзыйт.

Маселен, ал Президент болуп шайланганы Орусия, Казакстан жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн жетекчилери менен тең ата баарлашып келатканы, анын дасыккан дипломаттык жөндөмүн далилдеп турат десек ашыкчалык кылбайт.

А.Атамбаев 2011-жылдан бери Орусияга он ирет барып, орчундуу маселелерди чечип келди.

Алардын ичинен чоң жетишкендик катары “Газпром” ишканасы менен жаратылыш газынынын 1 миң кубун 165 доллардан сатып алуу жөнүндө келишимди өзгөчө белгилөөгө болот. Анткени, мындай келишимди Орусия бир дагы мамлекет менен түзгөн жок.

 Атай АЛТЫМЫШЕВ