Алма баккан

Баткен районунун Катраң айылынын жергиликтүү тургуну Сабыт Саттаров алма сактап сатуунун көп сырларын жакшы билет.

С.Саттаровдун айтымында, ал жылына 15 тоннага чейин алмалардын «семерянка», «жанатан», «голден 6», сортун атайын өзү курган жер төлөдө сактайт.

Ал белгилегендей, алманын узакка сакталышы үчүн бардык шарттарды түзгөн. Кышында үшүк албашы үчүн, эрте жазда алмалар бузулуп кетпеши үчүн бирдей температурада кармайт.

Кесиби боюнча экономист-менеджер, өзү өстүргөн 100 түп алмадан сегиз тоннага чейин түшүм алат, мындан сырткары кеч күздө элден кышка сакталуучу алмаларын сатып алып, апрель айына чейин атайын жер төлөөдө сактаган алмаларын Ош жана Бишкек шаарларындагы чоң базарларында келишим менен сатып, жарым млн. сомго чейин таза киреше алат.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу