кыз сатуу
Ош шаарындагы “Ак-Нура” жана “Жетиген” мейманканаларында көмүскө сойкукана иштеп, интимдик кызмат көрсөтүп келгендиги ачыкталды. Бул тууралуу укук коргоо кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы бир катар конок үйлөрү текшерилип, арасынан аталган эки конок үйү кардарларды көмүскө түрдө тейлеп келгендиги аныкталган. Ал эми аталган эки мейманкана экс депутат Урмат Аманбаевага жана анын бир тууганы акыйкатчы Бакыт Аманбаевге таандык экендиги белгилүү болду. Бирок, мейманкалар ижарага администраторго берилген. Администратордун айтымында, мейманкананын ээлери көмүскө сойкукана тууралуу кабарлары жок.
Эске салсак, буга чейин да Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимовго таандык саунадан интимдик кызмат көрсөтүлөөрү ачыкталган эле.
Динар Турдугулова