Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков жеке демилгеси менен муз аянтчасын ачты. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Айылдагы жаштардын кышкы эс алуусуна шарт түзүү жана кышкы спорттук оюндарды өткөрүп туруу максатында атайын суу тоңдурулуп, муз аянтчасы жасалды. Ошондой эле, Н.Сооданбеков өз каражатынан (чөнтөгүнөн) 22 миң сом жумшап, 10 коньки алдырткан.

Муз аянтчасынын ачылыш аземине райондук администрациянын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериев жана башка адистер катышты.