Нарын облусунун Ак-Талаа районунда түшүм майрамы белгиленип, анда айыл чарба азыктарынын жарманкеси көргөзүлдү. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жарманкеге ар бир айыл аймактарынан келишкен дыйкандардын өндүргөн азык-түлүктөрү коюлуп, картөшкөдөн тарта Жаңы-Тилек айылында өстүрүлгөн жүзүмдөн бери көргөзмөгө коюлган.

Жарманкеге өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азисов катышып, айыл чарба азык-түлүктөрүнө жогорку баасын берди.