Ак-Сай айылы

КРнын Эмгек, миграция жана жана жаштар министрлигинин, БУУнун жаштар фонду, Жаштарды өнүктүрүү институтунун колдоосу жана Ак-Сай айыл өкмөтү жана айылдын лидерлеринин демилгеси менен «Алтын түйүн » ресурстук жаштар борбору ачылды.

Борбордун ачылышына КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Сеитбек Абдрахманов катышып, жаштардын заманбап байланыш булактарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана жаштарга ресурстук колдоо көрсөтүү, жаштардын учур технологиясына, мамлекеттик саясатка болгон кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди. Мындан ары «Алтын түйүн» жаштар борборунда элеттик жаштар үчүн компьютердик курстар, семинарлар бат-баттан өткөрүлүп турат жана жаштар маалымат алып, билимдерин өркүндөтүү кызматын көрсөтөт деп билдирди жаштар борборунун уюштуруучусу Азамат Абдразаков.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу