школ

Жыл узатып, жыл жаңырган мезгилде артка кылчайып, аткарылган иштерге саресеп салабыз. Билим берүү жана илим министрлигине да бул ниетте кайрылып, жооп алдык. Министрдин орун басарлары Токтобүбү АШЫМБАЕВА жана Бермет ТУРСУНКУЛОВА министрликтеги ар бир багытта жыл ичинде аткарылган иштерге төмөнкүчө токтолду.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери

2014-жылдын 1-сентябрына карата топтолгон маалымат боюнча, өлкөдө мектепке чейинки билим берүү же бала бакчалардын саны – 927, аларда жалпы 132 500 бала тарбияланат. Мамлекеттик бала бакчалардан сырткары, эл аралык донорлор эсебинен каржыланган (49), ошондой эле жеке менчик (62) бала бакчалар да ишмердигин жүргүзөт.

Мектепке чейинки билим берүү жаатында быйыл ишке ашырылган эң маанилүү саамалык – электрондук кабыл алуу программасы. Бала бакчаларга кабыл алуудагы коррупцияны жоюу багытындагы бул жаңы ыкма Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында үзүрүн берүүдө. Ата-энелер www.edubishkek.kg (Бишкек), www.oshbilim.kg (Ош), www.bbb.jalal-abad.kg (Жалал-Абад) даректери боюнча өз балдарынын бакчага кабыл алынуу кезегине көз салып тура алышат. Ошондой эле бакчалардагы педагогдордун билим деңгээлин, чеберчилигин жогорулатуу максатында да ар бир шаарда атайын тегерек үстөлдөр өткөрүлдү.

Жалпы билим берүүчү мектептер

Өлкө боюнча 1 млн. 27 миң окуучу 2207 жалпы билим берүүчү мектепте билим алат. Алардын 269у мамлекетке таандык, 1875 муниципалдык, ал эми 60 мектеп жеке менчик болуп саналат. 2014-2015-жылдагы окуу жылынын башында ИИМ менен биргеликте “Саламатсыңбы, мектеп?” деген аталышта республика боюнча рейд жүргүзүлүп, мектеп курагындагы 1245 бала окууга тартылбай калгандыгы аныкталган. Жалпы республика боюнча, 2498 мугалим билимин жогорулатуу курстарынан өттү. Инновациялык мектептер аркылуу билим берүү системасын реформалоо багытында аталган ыкманы өрчүтүү, жайылтуу аракеттери жүрүүдө. Бул темада август айында атайын тегерек үстөл да уюштурулган. Ал эми жалпы республикалык коллегияда министрликтин Кыргыз Республикасында диний маданиятты окутуу Концепциясы бекитилди. Айтмакчы, быйыл тиешелүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча, мындан ары жалпы билим берүү мекемесинин директорлору менен беш жылга эмгек келишими түзүлөт жана ал катары менен эки мөөнөттөн ашык иштебейт.

Жогорку билим берүү жаатында

Узаган жылы жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча бир топ аракеттер жасалды. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майында №277 токтому менен Жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу Концепциясы бекитилген. Аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын негизинде Өкмөттүн өзүн өзү каржылоого өтө турган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын, ошондой эле жетишерлик деңгээлде иш алпаралбаган окуу жайлардын тизмесин тактоо боюнча эки токтомдун долбоорлору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылды. Ал Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган. Соңунда бардык пикирлерди эске алуу менен Өкмөттүн кароосуна сунушталат.

2014-2015-жылдагы окуу жылынын алгачкы күнүндө жогорку окуу жайлардын ишмердигине көз карандысыз аккредитация жүргүзүү боюнча мыйзам күчүнө кирди. Анын негизинде, ар бир окуу жайдын өз макамына ылайыктыгы, билим берүүнүн сапаты бүтүрүүчүлөрдүн кесипке даярдыгы жана билиминин эффективдүүлүгүнө жараша баа берилип аныкталат. Мындай баалоо башка мамлекеттердин аккредитациялоочу агенттиктери тарабынан таанылса, биздеги билим берүү деңгээли дүйнөнүн башка мамлекеттериндеги билим сапаты боюнча ченемдерге төп келсе, биздин дипломдор эл аралык мейкиндикте да таанылышына шарт жаралат. Азыркы тапта республика боюнча 52 жогорку окуу жайда (анын ичинен 31 мамлекеттик жана 21 менчик ЖОЖ) 223,2 миң студент билим алат. Студенттердин 15 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен, ал эми 85 пайызы келишимдик негизде акы төлөп окушат. Баса, кесиптик орто окуу жайларында быйыл Өкмөттүн токтому менен 4975 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Аталган министрлик сандан сапатка өтүү аракетинде. Жогорку окуу жайлардын биримдиги менен реформага олуттуу багыт алды. Илимди өнүктүрүү дал ушул жогорку окуу жайлардан старт аларын эске алсак, академиктердин сунуштарына кулак сала Билим берүү жана илим министрлиги бул багыттын илгерилешине бар күчүн жумшайт.

Күбөлүк алуу жеңилдетилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо” жөнүндөгү №260 токтомуна ылайык, лицензия алуу регламенттери жеңилдетилди. Билим берүү ишмердигин жүргүзүүгө күбөлүк (лицензия) алуу үчүн 19 документ тапшырылып келсе, мындан ары 8 түрү гана керектелет. Лицензия алуучулардын ишмердигин текшерүү үчүн Коомдук көзөмөлдөөчү кеңештин (ОНС), жарандык коомдун өкүлдөрү, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу адистер жана окумуштуулардан турган эксперттердин персоналдык банкы түзүлүүдө. Мамлекеттик жана лицензиялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусусуз аталган текшерүүчү персоналдык банк күбөлүк берүү же баш тартуу чечимдерин чыгара алышат. Бул өз кезегинде коррупциялык аракеттерге бөгөт коет.

Илим тармагында

Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 10-февралындагы №80/1 буйругу менен 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында Илимди өнүктүрүү Концепциясынын долбоору иштелип чыкты. Анын стратегиялык максаты – илимий-инновациялык ишмердикти өнүктүрүү менен өлкө экономикасын технологиялык заманбапташтырууга салым кошуу. Учурда ИДПдан 0,12% гана илимдин башка тармактар менен болгон байланышын бекемдөөгө сарпталат. Ал эми илимдин өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуусу үчүн жок эле дегенде каржылоо ички дүң продукттан 1% пайызга жеткирилиши зарыл. Азыр бөлүнгөн каражат да Илимдер академиясы, министрлик жана КР Өкмөттүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ортосунда бөлүштүрүлөт. Ошол себептен, КР Өкмөт башчысынын тескемеси менен түзүлгөн комиссия илим чөйрөсүн реформалоо багыттары жана илим мекемелерин башкаруунун заманга бап системасын жаратуу боюнча өз сунуштарын иштеп чыкты. Алар КР илим мекемелеринин системасын реформалоо Концепциясына камтылды. Бул эки ири долбоордо камтылган маанилүү багыт – министрликтин алдында Илим фондунун түптөлүшү. Бул фонд Илимди өнүктүрүү үчүн ар кандай булактарды издөө жана колдо бар каражаттарды артыкчылыктуу багыттарга жумшоону жөнгө салат. Ошондой эле өткөн жылы аспирантура же докторантурага тапшыруу жана диссертациялык иштерди жактоо процедураларындагы ачыктыкты камсыздоого карата да тиешелүү расмий документтерге өзгөртүү киргизилди. Алар боюнча маалымат министрликтин расмий сайтына жарыяланат.

2014-жылы илим тармагында эл аралык кызматташтык да күч алды. Биздин илимпоздор илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдө кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 14 жыйына катышты.

Эл аралык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору чет өлкөлүк окуу жайлар аралык 298ден ашуун келишим менен иш алпарат. 2014-2015-окуу жылында Россия Федерациясынын ЖОЖдорунан 429 орун бөлүнгөн. Ал эми Тажикстандын 26 жараны биздин окуу жайларга кабыл алынган. Ошондой эле Өкмөттүн 2003-жылдан берки иштеп келаткан токтомуна ылайык, Өзбекстандан 26, Тажикстандан 25, ал эми Кытайдан 25 этникалык кыргыз Кыргызстанда жогорку билим алууда.

Узаган жылы Сауд Аравия падышачылыгынын жогорку билим берүү министрлиги менен өз ара түшүнүү Меморандуму жактырылган. Ошондой эле Катар мамлекети менен биздин Өкмөт ортосундагы келишимге кол коюлду. Андан сырткары да дүйнөнүн бир катар мамлекеттери менен кызматташуулар уланууда.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы