Адам уурдап, акча сурашкан
Лейлек районундагы Сумбула айыл округунун Андарак айылынын тургуну Хоким Паччакаланов арыз менен кайрылган.
Ал 2014-жылдын 6-август күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарындагы «Береке» базарынын жанынан агасы Паччакаланов Мухутту белгисиз азиат улутундагы жашы 25-30 чамасындагы 3-4 бала белгисиз автоунаага күч колдонуп салып кетишкендигин билдирген.
Маалым болгондой, аны Жалал-Абад шаарына алып кетишип, агасын бошотуу үчүн 250 миң рубль акча опузалап, талап кылышкан жана 3-4 күндөн кийин белгисиз атуулдар Х.Паччакалановдон Ош шаарында жайгашкан «Айыл-Банк» аркылуу 250 000 рубль акча алышып, агасын кое беришкен.
Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Ноокат районунун Көк-Бел айылынын тургуну Ысманали Караев кармалган.
Дамира Юсупова, Баткен облусу
Комментарий кошуу