Нурдинов2

Кесиптешибиз  Абдыжапар Нурдинов  чыгармачылык   жолун 1989-жылы жаштардын  “Леничил жаш“  гезитинде иштөөдөн баштаган. Андан кийин  шаардык “Бишкек шамы”, “Ата Журт” гезиттеринде кабарчы, жащы ачылган “Кылмыш жана Жаза” гезитинин алгачкы редактору, өспүрүмдөрдүн “ Жеткинчек” гезитинде жооптуу катчы,  “Кыргыз Туусу” гезитинде иштеген. 2006-жылы “Замандаш”  журналында   иштеп, Казакстан, Россиядагы кыргыз мигранттарынын бүгүнкү  жашоо турмушу  менен кеңири таанышып,  кыргыз диаспоралары менен бирдикте  миграция  маселесин изилдеген алгачкы журналисттерден. Анын иликтөөсүнүн  натыйжасында 2012-жылы “Улуу көч урпактары”, орусча аталышы ”Соотечественники за рубежом” деген китептин  1-томдугу жарык көргөн. Экинчи китеби “Самарские кыргызы” деп аталып, ал “Манас-Ата” кайрымдуулук фонду – кыргыз диаспорасынын 10 жылдык юбилейине карата 2013-жылы басмаканадан чыккан. Россиянын Самара областында жашаган кыргыздардын этникалык “Эне тил” газетасынын редактору болуп эмгектенген кесиптешибизди кепке тарттык.

– Абдыжапар, самаралык кыргыздар үчүн “Эне тил” гезитин чыгарып жатыптырсыз, ал гезит качантан бери чыгат жана анын максаты, зарылчылыгына  токтолсоңуз?

– Самара облусундагы этникалык кыргыздардын “Эне тил” газетасы 2008-жылдан  бери чыгат. Анын демилгечиси “Манас- Ата” кайрымдуулук фондунун төрагасы Акылбек Кудуев баштаган кыргыз диаспорасынын активисттери болушкан. Азыркы учурда Россиянын шартында мындай бир тенденция бар. Маселен,  мурда кыргызстандык эмгек мигранттары  Россияга өзүлөрү эле барса, кийинки мезгилдерде алар үй-бүлөлөрүн кошо көчүрүп барышып, орун-очок алышууда. Ошол үй-бүлөлөр алгач балдарын репититор жалдап орусча үйрөтүүгө аракет кылышчу. Мындан сырткары Самарада үйлөнүшуп, жаңы түтүн булаткан мекендештерибиз да көбөйүүдө. Ушул үй-бүлөлөрдө төрөлгөн балдар-кыздар көбөйүп, бала-бакчаларга барышып, тили орусча чыгууда. “Мурда балдарыбызды орусча окуудан жетишсин десек, эми эне тилин билбей калбасын” деген кооптонуудан улам кыргыз диаспорасы “Кутбилим” жекшембилик классын ачып, Кыргызстандын тарыхы, географиясын окутуп, улуттук каада-салтыбызды кошо үйрөтүп, колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. “Эне тил” гезити ошол аракеттин бир бөлүгү. Гезиттин бир бетин балдарга арнап жаңылмачтарды, кызыктуу ащгеме-жомокторду жарыялап, кыргыз тилине болгон  кызыгуусун ойготууну максат кылабыз.

Экинчиден, ошол жакта жүргөн мекендештерибиз да маалыматтарга муктаж болушат. Жергиликтүү жана областтык бийлик менен кызматташып,“Прокуратура түшүндүрөт”, “УФМС билдирет” деген рубрика менен тиешелүү мыйзамдарга түшүндүрмө, кеп-кеңештерди жарыялап, диаспоранын аткарган ишин, мекендештерибиздин жашоо-турмушун чагылдырабыз.

  -Бүгүнкү күндө  Самара шаарында болжол менен канча кыргыз жашайт?

-Самара  шаарында  жашап жана иштеп жаткан кыргыздарды мен 3 топко бөлүп карасак болот. Биринчиси, мурда ошол жерде  окуп же, комсомолдук жолдомо менен барып иштеп, жашап калгандар. Экинчиси, челнок бизнеси менен ошол жердеги соода-сатыкка аралашып калган топ. Бир нече жыл мурда Россияда соода-сатык кылгандардын баарында орус атуулдугу болуш керек деген мыйзам кабыл алынган. Ошондон улам бул топко орус жарандыгы менен кошо ошол жерден үй-жай алышып, жашап калгандар кирет. Үчүнчү тобу – эмгек  мигранттары. Булар жарандык алган эмес жана улам Самарага барып-келип иштеп турушат. Алар көбүнчө  тейлөө тармагы, курулушта, айыл чарбасы жана башка түрдүү тармакта эмгектенишет.  Негизинен атуулдук алып жашаган кыргыздардын саны  2010-жылдагы жалпы элдик каттоонун жыйынтыгы боюнча 2071 деп жүрөт. Бирок, сезон мезгилинде иштегени баргандарды кошуп алганда Самара облусу боюнча кыргызстандыктардын жалпы саны 15500- 17000 чейин жетет.

   -Сиз Россиянын аймагынын 70% кыдырып, кыргызстандык мигранттардын турмушу менен ичинен таанышып чыгыпсыз, деги алардын турмушу жагдайы кандай ? Биз кыргыз мигранттары менен сыймыктана алабызбы? Кыргыздар Россиянын кайсы жеринде көп?

-Кызыктуу бир окуяны айтайын. 2011-жылы  Россиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчисинин орун басары  Кузнецов Анатолий Евгеньевичтен  интервью алып: “ биздин  миграттардын  көбү ушул Россия федерациясында, сиздердин маалымат боюнча адардын саны канча экендигин айта аласызбы?” – деп сурадым. -“Мен ушул суроого башкача жооп берип, кайсы аймакта кыргыздар жок экенин айтпайынбы” –дейт Анатолий Евгеньевич.   Ал жерде башка мамлекеттердин журналисттери да бар эле, баары: “айтыныз” – деп жаалап калышты. Ошондо ал: “Россияда жападан жалгыз кыргыздар жок субьект бул  Ингушетия. Россиянын андан башка аймактары: Чукотка, Сахалинден баштап Калининградга чейин кыргыздар бар”- деп, айтканы эсимде. Чынында эле эмгек мигранттарыбыздын 90% Россияда андан  азыраагы Казакстанда, анан Европада  жана башка чет мамлекеттерде жүрүшөт .

Россияда жашаган кыргыздардын арасында өздөрүнүн карандай эмгеги менен буттарына туруп кеткен мекендештерибиз көп эле. Чоң ишканаларды, соода борборун башкарган жигиттерибиз да бар. Мисалы, Хабаровскиде жыгач бизнеси менен алектенген Кадырбек Мырзабаев союз убагында Санкт-Петербуг шаарында окуп, Финляндиялык фирмалар менен иштеген. Азыр Хабаровск крайында Кыргызстандын ардактуу консулу. Ал улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун юбилейине карата орус тилине которулган ырлар жыйнагын китеп кылып чыгарып берди. Сургутта Жолонов Сыдык деген жигит шаардын чок ортосундагы үч кабаттуу имаратты оңдоп, кыргыздын улуттук  каада-салтын, баалуулуктарын чагылдырган соода борборун иштетип жатат. Новосибирскиде Каныбек деген жигиттин менчик кемелери  бар. Аны менен жайкысын Эне-Сайдан түндүктү карай  ар түрдүү жүктөрдү ташытат. Капитан, жумушчуларын кошуп алганда бир топ адамды иш менен камсыз кылат. Санап олтурсак көп эле. Жогоруда аты аталган жана аталбай калган бир топ мекендештерибиз кайрымдуулук иштерин да жасап жатканы мактоого арзыйт.

 -Кыргыз диаспоралары жана жогоруда айтылган ийгиликтүү ишкерлерибиздин кыргыз-орус маданий байланыштарына кошкон салымы кандай болуп жатат?

-Азыр кыргыз диаспораларынын жасаган иши жаңыча деңгээлде өсүп баштады. Мурда жалаң мекендештерибиздин укугун коргоо менен алек болсо, эми эки элдин ортосунда маданий  байланыштарды чыңдоого өз салым кошуп жатышат. Алсак, жергиликтүү бийлик жана башка диаспоралар менен тыгыз кызматташып, коомдук турмушка, маданий иш чараларга активдүү катышышат. Дагы бир жаңылык, быйыл   Башкырстандагы Гуманитардык илим изилдөө институту “Кыргыз-башкыр маданий байланыштары” деген темада илимий конференция өткөргөнү жатат. Конференцияга  Кыргыз улуттук академиянын илимий кызматкерлери, архив жана маданият өкүлдөрү катышат. Ушул иш чаранын алкагында Уфадагы “Ала-Тоо” кыргыз диаспорасы, Самарадагы “Манас-Ата” коомдук кайрымдуулук фонду, Свердлов областындагы “Кыргызстан-Урал” диаспорасы Башкырстандын аймагында тарыхый-этнографиялык экспедиция уюштуруу демилгесин көтөрүп жатабыз. Анткени Башкырстандын беш районунда  энесайлык кыргыздар жашайт. Конференция бүткөндөн кийин Гуманитардык илим изилдөө иниституту, Кыргыз улуттук илимдер академиясы, архив жана диаспора өкүлдөрү болуп ушул беш райондо жашаган энесайлик кыргыздарды кыдырып, тарых-таржымалын изилдеп чыгалы дебатабыз.

-Сиздин байкооңузча Орто Азия өлкөлөрүнөн  барган мигранттардан салшытырмалуу түрдө  кайсы улуттардан Россияга  барганы көбүрөөк?

-Орто Азия элдеринин ичинен эң көбүрөөгүн өзбектер түзөт. Өзбекстандан барган эмгек мигранттары 2 млндон ашыгыраак. Андан кийинки орунду тажиктер ээлейт.

  -Абдыжапар мырза, Орто Азиядан барган мигранттардын арасынан көбүнчөсү Кыргызстандан кыз-келиндер көп барат дешет, башкаларга салыштырмалуу  айтып кетсеңиз?

-Жалпысынан алып караганда  бизден барган эмгек мигрантардын эркектери азыраак да, аялдар басымдуулук кылышат. Бизге салыштырмалуу мурда Тажикстандан барган эркек эмгек мигранттары басымдуулук кылса, эми аялдары да көбөйүп баштады. Ал эми Өзбекстандын эмгек мигранттары теңме-тең болуш керек.

-2008-жылы”Газпром””ААКсы Кыргызстандан 20 журналистти алып барып Россиянын  газ чыккан жерлери менен тааныштырып келди. Биз Жаңы Уренгой шаарына барсак, азербайжан улутундагылар басымдуулук кылат экен. Россиянын кайсы шаарларында кыргызстандыктар көп?

-Жаңы Уренгойдо басымдуулук кылганын себеби , Сиз жакшы билесиз, Азербайжанда  нефти чыгат. Аларда нефти-газ боюнча адистер көп, ошондуктан алар кай жерде нефти чыкса ошол жергелерге көп барышат. Ошол себептен алар басымдуулук кылышат. Сургутта да азербайжандар көп. Кыргыздардын саны Москва шаары жана Москва областында эң көп. Андан кийинки орундарда Сибирдеги шаарлар: Новосибирск, Красноярск, Иркутск. Бул шаарлардын ар биринде 35-55 миңге чейин кыргыздар бар.

-Кыргыздар бардык эле жерде жакшы иштешеби? Уурулук кылган түрмөгө түшкөндөрү да  бар деп  калышат?..

-Албетте, бардыгы тегиз боло албайт. Бизден баргандардын көбү эмгек мигранттары экенин эске алсак, ийгиликке жетишкендерге караганда кыйналгандары көбүрөөк. Көбү тилден кыйналышат жана жөнөкөй  эле укутарын билбегендери толтура.  “Баланча иштеп жакшы акча тааптыр” десе, айылдан дүрбөп барып алгандары да көп.  Абдан кыйналып, көз каранды болуп калып,  жаман жолго түшүп кеткендери да жок эмес. Анан калса кыргызды “ортомчу” деген бир балекет оору баскан го. Ошол “ортомчулардын” жеми болуп, кийин айылына “эки колун мурдуна тыгып келгендер” да толтура.

 Орункул Сатыкулов