Такырбашев

Бүгүн, 25-февралдагы маалымат жыйында “Кайтал” ачык акционердик коомунун башчысы Алмаз Такырбашев ишкана 2006-жылдан бери иштеп келе жатканын жана буга чейин 605 эшек союлганын айтып: “Менин ишканам тиешелүү нормаларга жооп берет. Бардык мекемелер бул тууралуу билишет. Мен мыйзамдуу иштейм. Эт өлкө аймагына таратылбайт”,- деди. Эске салсак, шейшемби күнү журналисттер тарабынан Бишкектин четиндеги Манас айылында жайгашкан сарайда ондогон эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканы аныкталган. Эт кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экени айтылган. Бул ишти азыр Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгы иликтеп жатат. Кылмыш иши козголо элек.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА