Өкмөттүн өкүлү А.Кайыпов Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 100 миң сом тапшырды 

 

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, 23-октябрь күнү Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Эраалы Оморов атындагы №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мурда оорукананын имараты 50 орундуу айылдык оорукана болчу. Кийин оорукана жоюлуп, 5 эле койка күндүзгү бөлүм катары калтырылган. Бирок Казыбек, Жаңы-Күч айылдарындагы жана Ак-Бейит кыштоосундагы 4800 адамды тейлеп келген бул оорукананын жанына Араб уюму тарабынан жаңы имарат курулуп жатат.

Ооруканадагы 1994-жылда алынган «УАЗ» унаасы кийин эскирип, жүрбөй калган. Айылдын 1994-жылы мектепти бүтүргөн бүтүрүүчүлөрү 5200 АКШ долларына жаңы «Хонда Степвагон» деген унаасын алып келип беришкен. Бул учурда өкмөттүн өкүлү кошумча катары 100 миң сом берем деп убада кылган. Бул ирет өз каражатынан өкүл 100 миң сом тапшырды.